Катталуу, бет 180
-
وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
(О, ыймандуулар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-байкуш жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллах силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди.(Ушуларга) шүгүр кылсаңар кана!
8:26 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла!
8:27 -
وَاعْلَمُوا أَنَّمَا أَمْوَالُكُمْ وَأَوْلَادُكُمْ فِتْنَةٌ وَأَنَّ اللَّهَ عِنْدَهُ أَجْرٌ عَظِيمٌ
Билип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар – бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллахтын алдында Улук сооп бар.
8:28 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَتَّقُوا اللَّهَ يَجْعَلْ لَكُمْ فُرْقَانًا وَيُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук артыкчылык ээси.
8:29 -
وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ ۚ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ ۖ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ
(О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө, же болбосо, сүргүн кылууга айла издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллах да айлакерлик кылат. Аллах айлакерлердин мыктысы.
8:30 -
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا قَالُوا قَدْ سَمِعْنَا لَوْ نَشَاءُ لَقُلْنَا مِثْلَ هَٰذَا ۙ إِنْ هَٰذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет.
8:31 -
وَإِذْ قَالُوا اللَّهُمَّ إِنْ كَانَ هَٰذَا هُوَ الْحَقَّ مِنْ عِنْدِكَ فَأَمْطِرْ عَلَيْنَا حِجَارَةً مِنَ السَّمَاءِ أَوِ ائْتِنَا بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Бир кезде алар: “Оо, Аллах! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” – дешти.
8:32 -
وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ وَأَنْتَ فِيهِمْ ۚ وَمَا كَانَ اللَّهُ مُعَذِّبَهُمْ وَهُمْ يَسْتَغْفِرُونَ
(О, Мухаммад,) Сен алардын арасында экениңде, Аллах аларды азаптабайт. Алар (тообо кылып) күнөөлөрүнө (Аллахтан) кечирим сурашса да Аллах аларды азаптабайт.
8:33
Котормо: Шамсуддин Хакимов