Катталуу, бет 169
-
وَلَمَّا رَجَعَ مُوسَىٰ إِلَىٰ قَوْمِهِ غَضْبَانَ أَسِفًا قَالَ بِئْسَمَا خَلَفْتُمُونِي مِنْ بَعْدِي ۖ أَعَجِلْتُمْ أَمْرَ رَبِّكُمْ ۖ وَأَلْقَى الْأَلْوَاحَ وَأَخَذَ بِرَأْسِ أَخِيهِ يَجُرُّهُ إِلَيْهِ ۚ قَالَ ابْنَ أُمَّ إِنَّ الْقَوْمَ اسْتَضْعَفُونِي وَكَادُوا يَقْتُلُونَنِي فَلَا تُشْمِتْ بِيَ الْأَعْدَاءَ وَلَا تَجْعَلْنِي مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Муса коомуна кайтып келгенде (жана алардын музоого сыйынып жатканын көргөндө) ачууланып, бушайман болуп: “Менден соң мага кандай жаман орунбасар болупсуңар! Раббиңердин буйругун шаштырдыңарбы?!”- деди. Кийин Муса (жаалданып, колундагы) такталарды таштап, бир тууганынын (Харундун) башынан (чач-сакалынан) жулкулдата баштады. (Харун) айтты: “О, апамдын баласы! Чынын айтайын, коом мени кордоп, (айткандарымды уккандын ордуна, кайра) өлтүрүп койо жаздады. Мени душмандарга шерменде кылба! Жана мени залым адамдардар менен бирге деп ойлобо!
7:150 -
قَالَ رَبِّ اغْفِرْ لِي وَلِأَخِي وَأَدْخِلْنَا فِي رَحْمَتِكَ ۖ وَأَنْتَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ
(Муса) деди: «О, Раббим! Мени жана бир тууганымды Өзүң кечир! Жана бизди Өз ырайымыңа ал! Сен эң ырайымдуусуң!»
7:151 -
إِنَّ الَّذِينَ اتَّخَذُوا الْعِجْلَ سَيَنَالُهُمْ غَضَبٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَذِلَّةٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُفْتَرِينَ
Чынында, музоону кудай кылып алгандарга жакын арада Раббисинен каар-казап жана (ушул) дүйнө жашоосунда кордук жетет! Биз (Аллахга) жалган токугандарды ушинтип жазалайбыз.
7:152 -
وَالَّذِينَ عَمِلُوا السَّيِّئَاتِ ثُمَّ تَابُوا مِنْ بَعْدِهَا وَآمَنُوا إِنَّ رَبَّكَ مِنْ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тообо кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, чынында сенин Раббиң ошондон (тобо кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу.
7:153 -
وَلَمَّا سَكَتَ عَنْ مُوسَى الْغَضَبُ أَخَذَ الْأَلْوَاحَ ۖ وَفِي نُسْخَتِهَا هُدًى وَرَحْمَةٌ لِلَّذِينَ هُمْ لِرَبِّهِمْ يَرْهَبُونَ
Мусанын ачуусу басылганда тактайларды колуна алды. Анын жазууларынын арасына Раббисинен корккон адамдар үчүн ырайым жана туура жол камтылган эле.
7:154 -
وَاخْتَارَ مُوسَىٰ قَوْمَهُ سَبْعِينَ رَجُلًا لِمِيقَاتِنَا ۖ فَلَمَّا أَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ قَالَ رَبِّ لَوْ شِئْتَ أَهْلَكْتَهُمْ مِنْ قَبْلُ وَإِيَّايَ ۖ أَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ السُّفَهَاءُ مِنَّا ۖ إِنْ هِيَ إِلَّا فِتْنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَنْ تَشَاءُ وَتَهْدِي مَنْ تَشَاءُ ۖ أَنْتَ وَلِيُّنَا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا ۖ وَأَنْتَ خَيْرُ الْغَافِرِينَ
Анан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады. Анан аларды күрүлдөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, биздин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллах кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы) Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды туура жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен – биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң!
7:155
Котормо: Шамсуддин Хакимов