Катталуу, бет 124

  1. أُحِلَّ لَكُمْ صَيْدُ الْبَحْرِ وَطَعَامُهُ مَتَاعًا لَكُمْ وَلِلسَّيَّارَةِ ۖ وَحُرِّمَ عَلَيْكُمْ صَيْدُ الْبَرِّ مَا دُمْتُمْ حُرُمًا ۗ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

    Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды, силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамда турганыңарда, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллахтан корккула!

    5:96
  2. جَعَلَ اللَّهُ الْكَعْبَةَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ قِيَامًا لِلنَّاسِ وَالشَّهْرَ الْحَرَامَ وَالْهَدْيَ وَالْقَلَائِدَ ۚ ذَٰلِكَ لِتَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

    Аллах Каабаны – Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллахка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандыктардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллах асмандар жана жердеги нерселерди билерин аңдооңор үчүн. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!

    5:97
  3. اعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ وَأَنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Билип койгула, Аллах – катуу азап берүүчү жана Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү

    5:98
  4. مَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا تَكْتُمُونَ

    Пайгамбардын милдети (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллах билет (жана ошого жараша эсептешет).

    5:99
  5. قُلْ لَا يَسْتَوِي الْخَبِيثُ وَالطَّيِّبُ وَلَوْ أَعْجَبَكَ كَثْرَةُ الْخَبِيثِ ۚ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

    Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. О, акылмандар! Аллахтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”.

    5:100
  6. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَسْأَلُوا عَنْ أَشْيَاءَ إِنْ تُبْدَ لَكُمْ تَسُؤْكُمْ وَإِنْ تَسْأَلُوا عَنْهَا حِينَ يُنَزَّلُ الْقُرْآنُ تُبْدَ لَكُمْ عَفَا اللَّهُ عَنْهَا ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٌ

    О, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Куран түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллах ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллах - Кечиримдүү, Жумшак.

    5:101
  7. قَدْ سَأَلَهَا قَوْمٌ مِنْ قَبْلِكُمْ ثُمَّ أَصْبَحُوا بِهَا كَافِرِينَ

    Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурап, каапырга айланып калышты.

    5:102
  8. مَا جَعَلَ اللَّهُ مِنْ بَحِيرَةٍ وَلَا سَائِبَةٍ وَلَا وَصِيلَةٍ وَلَا حَامٍ ۙ وَلَٰكِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۖ وَأَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

    Аллах “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди” да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллахтын атынан жалган айтышат жана алардан көпчүлүгү акылсыз адамдар.

    5:103

Котормо: Шамсуддин Хакимов