Катталуу, бет 123
-
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
О, ыймандуу адамдар! Чынында, арак, кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (төлгө ача турган таякчалар) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулаарсыңар.
5:90 -
إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَعَنِ الصَّلَاةِ ۖ فَهَلْ أَنْتُمْ مُنْتَهُونَ
Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы?!
5:91 -
وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَاحْذَرُوا ۚ فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
(О, ыймандуулар) Аллахка, пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнуна анык жеткирүүдөн башка милдет жүктөлгөн эмес.
5:92 -
لَيْسَ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جُنَاحٌ فِيمَا طَعِمُوا إِذَا مَا اتَّقَوْا وَآمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ثُمَّ اتَّقَوْا وَآمَنُوا ثُمَّ اتَّقَوْا وَأَحْسَنُوا ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Ыйман келтирип, жакшы иштерди кылып жүргөн адамдар үчүн - эгер такыба, ыймандуу, жакшы иш кылган киши болсо - мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыба, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллах жакшы иш жасагандарды сүйөт.
5:93 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَيَبْلُوَنَّكُمُ اللَّهُ بِشَيْءٍ مِنَ الصَّيْدِ تَنَالُهُ أَيْدِيكُمْ وَرِمَاحُكُمْ لِيَعْلَمَ اللَّهُ مَنْ يَخَافُهُ بِالْغَيْبِ ۚ فَمَنِ اعْتَدَىٰ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَلَهُ عَذَابٌ أَلِيمٌ
О, ыйман келтиргендер! Аллах эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билүү үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт. Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар.
5:94 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقْتُلُوا الصَّيْدَ وَأَنْتُمْ حُرُمٌ ۚ وَمَنْ قَتَلَهُ مِنْكُمْ مُتَعَمِّدًا فَجَزَاءٌ مِثْلُ مَا قَتَلَ مِنَ النَّعَمِ يَحْكُمُ بِهِ ذَوَا عَدْلٍ مِنْكُمْ هَدْيًا بَالِغَ الْكَعْبَةِ أَوْ كَفَّارَةٌ طَعَامُ مَسَاكِينَ أَوْ عَدْلُ ذَٰلِكَ صِيَامًا لِيَذُوقَ وَبَالَ أَمْرِهِ ۗ عَفَا اللَّهُ عَمَّا سَلَفَ ۚ وَمَنْ عَادَ فَيَنْتَقِمُ اللَّهُ مِنْهُ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ
О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат. Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу же ушуга тең орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.
5:95
Котормо: Шамсуддин Хакимов