Катталуу, бет 109
-
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар тозоктун элдери.
5:10 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ هَمَّ قَوْمٌ أَنْ يَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ فَكَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنْكُمْ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
О, момундар! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле: бир мезгилде, (силерге душман) коом кол салганда, Аллах алардын колун силерден тыйган эле. Аллахтан корккула жана ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
5:11 -
وَلَقَدْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَبَعَثْنَا مِنْهُمُ اثْنَيْ عَشَرَ نَقِيبًا ۖ وَقَالَ اللَّهُ إِنِّي مَعَكُمْ ۖ لَئِنْ أَقَمْتُمُ الصَّلَاةَ وَآتَيْتُمُ الزَّكَاةَ وَآمَنْتُمْ بِرُسُلِي وَعَزَّرْتُمُوهُمْ وَأَقْرَضْتُمُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَلَأُدْخِلَنَّكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۚ فَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ مِنْكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ
Аллах Исраил урпактарынан бекем ант-убада алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллах айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллахка жакшы карыз (садага) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр.
5:12 -
فَبِمَا نَقْضِهِمْ مِيثَاقَهُمْ لَعَنَّاهُمْ وَجَعَلْنَا قُلُوبَهُمْ قَاسِيَةً ۖ يُحَرِّفُونَ الْكَلِمَ عَنْ مَوَاضِعِهِ ۙ وَنَسُوا حَظًّا مِمَّا ذُكِّرُوا بِهِ ۚ وَلَا تَزَالُ تَطَّلِعُ عَلَىٰ خَائِنَةٍ مِنْهُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْهُمْ ۖ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاصْفَحْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Ант-убадаларын аткарбагандары үчүн (кийин) Биз аларга каргыш жаадырдык, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Ыйык Китептеги) сөздү өз ордунан (башка маанидеги сөзгө) алмаштырып жиберишти. Жана алар өздөрүнө эскертилген нерседен (Тоораттан) бир (нече) эсесин унутушту. Жана сен (о, Мухаммад), алардын бардыгын кыянаттын үстүндө табасың. Бир аз гана бөлүгү андай эмес. Сен алардын(н каталарын) кечирип кой. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.
5:13
Котормо: Шамсуддин Хакимов