Сүрө 9 Тауба
-
وَلَا يُنْفِقُونَ نَفَقَةً صَغِيرَةً وَلَا كَبِيرَةً وَلَا يَقْطَعُونَ وَادِيًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمْ لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(Ушул жихад жолунда) чоңбу, кичинеби, (кандайдыр) бир садака (кошумча) кылса же бир өрөөндөрдөн басып өтсө, Аллах аларга эң жакшы иштери себептүү сыйлык бериши үчүн, (бул иштери) аларга (сооп болуп) жазылат.
9:121 -
وَمَا كَانَ الْمُؤْمِنُونَ لِيَنْفِرُوا كَافَّةً ۚ فَلَوْلَا نَفَرَ مِنْ كُلِّ فِرْقَةٍ مِنْهُمْ طَائِفَةٌ لِيَتَفَقَّهُوا فِي الدِّينِ وَلِيُنْذِرُوا قَوْمَهُمْ إِذَا رَجَعُوا إِلَيْهِمْ لَعَلَّهُمْ يَحْذَرُونَ
Ыймандуулардын бардыгынын (согушка) чыгып кетүүсү жарабайт. Алардын ар бир жамааттарынан бирден тайпалар чыкса (жетиштүү) болбойбу?! (Башкалары) динди жакшы үйрөнүү үчүн жана коомуна кайтып келгенде эскертүү үчүн (калышпайбы?) (Ошондо) Аллахтын азабынан сактанышса ажеп эмес!
9:122 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قَاتِلُوا الَّذِينَ يَلُونَكُمْ مِنَ الْكُفَّارِ وَلْيَجِدُوا فِيكُمْ غِلْظَةً ۚ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ
О, ыймандуулар! Жакыныңардагы каапырларга каршы согушкула! (Согушта) силерден катуу кайраттуулукту гана көрүшсүн! Билгиле! Аллах такыбалар менен!
9:123 -
وَإِذَا مَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ فَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ أَيُّكُمْ زَادَتْهُ هَٰذِهِ إِيمَانًا ۚ فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَزَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَهُمْ يَسْتَبْشِرُونَ
Качан бир сүрө түшкөндө алардын (мунафыктардын) кээ бирөөлөрү: “Бул сүрө кимиңердин ыйманыңарды көбөйтүп койоор экен!” деп (мыскылдуу) сүйлөшөт. (Чынында,) бул сүрө(лөр) ыйман келтирген кишилердин ыймандарын көбөйтөт жана алар (муну бири-бирине айтып) сүйүнүшөт.
9:124 -
وَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَتْهُمْ رِجْسًا إِلَىٰ رِجْسِهِمْ وَمَاتُوا وَهُمْ كَافِرُونَ
Ал эми, (бул сүрөлөр) жүрөгүндө шек-күмөн болгондордун шектенүүсүнө дагы шектенүү кошот жана алар каапыр бойдон өлүп тынышат.
9:125 -
أَوَلَا يَرَوْنَ أَنَّهُمْ يُفْتَنُونَ فِي كُلِّ عَامٍ مَرَّةً أَوْ مَرَّتَيْنِ ثُمَّ لَا يَتُوبُونَ وَلَا هُمْ يَذَّكَّرُونَ
Алар ар жыл сайын бир же эки иреттен (Аллахтын ар түрдүү балээлери менен) сыналып жатышкандарын ойлонушпайбы?! Анан дагы эле тообо кылышпайт, дагы эле эсине келишпейт!
9:126 -
وَإِذَا مَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ نَظَرَ بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ هَلْ يَرَاكُمْ مِنْ أَحَدٍ ثُمَّ انْصَرَفُوا ۚ صَرَفَ اللَّهُ قُلُوبَهُمْ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَفْقَهُونَ
Жана качан бир сүрө түшсө, (ага моюн сунуунун ордуна) бири-бирине карашып: “Сени эч ким көрүп калбадыбы?” дешип, (туш-тушуна) басып кетишет. (Натыйжада, акыйкатты) түшүнбөгөнү себептүү Аллах алардын жүрөктөрүн (чындыкты кабыл алуудан) буруп койду.
9:127 -
لَقَدْ جَاءَكُمْ رَسُولٌ مِنْ أَنْفُسِكُمْ عَزِيزٌ عَلَيْهِ مَا عَنِتُّمْ حَرِيصٌ عَلَيْكُمْ بِالْمُؤْمِنِينَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
(О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!
9:128 -
فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُلْ حَسْبِيَ اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ ۖ وَهُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ
Эгер жүз буруп кетишсе айт: “Мага Аллах жетиштүү. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Ага) тобокел кылдым. Жана Ал Улуу Арштын Раббиси!».
9:129
Котормо: Шамсуддин Хакимов