Сүрө 8 Анфал, аят 1 – 6

  1. يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَنْفَالِ ۖ قُلِ الْأَنْفَالُ لِلَّهِ وَالرَّسُولِ ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَصْلِحُوا ذَاتَ بَيْنِكُمْ ۖ وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    (О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.

    8:1
  2. إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ آيَاتُهُ زَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

    Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.

    8:2
  3. الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ

    (Дагы) алар намаздарын кемчиликсиз окушуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден садага кылышат.

    8:3
  4. أُولَٰئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقًّا ۚ لَهُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

    Ошолор гана чыныгы ыймандуулар! Аларга Раббисинин алдында (бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана көп ырыскылар бар.

    8:4
  5. كَمَا أَخْرَجَكَ رَبُّكَ مِنْ بَيْتِكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقًا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ لَكَارِهُونَ

    Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, ыймандуулардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.

    8:5
  6. يُجَادِلُونَكَ فِي الْحَقِّ بَعْدَمَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى الْمَوْتِ وَهُمْ يَنْظُرُونَ

    (Аллахтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, алар өлүмгө айдалып баратканын карап тургансып, сени менен талашып жатышат!

    8:6

Котормо: Шамсуддин Хакимов