Сүрө 83 Мутаффифийн, аят 22 – 28

  1. إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ

    Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.

    83:22
  2. عَلَى الْأَرَائِكِ يَنْظُرُونَ

    Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

    83:23
  3. تَعْرِفُ فِي وُجُوهِهِمْ نَضْرَةَ النَّعِيمِ

    Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.

    83:24
  4. يُسْقَوْنَ مِنْ رَحِيقٍ مَخْتُومٍ

    Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.

    83:25
  5. خِتَامُهُ مِسْكٌ ۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ الْمُتَنَافِسُونَ

    Ал шараптын сактагычы - «миск». Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!

    83:26
  6. وَمِزَاجُهُ مِنْ تَسْنِيمٍ

    Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».

    83:27
  7. عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا الْمُقَرَّبُونَ

    (Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.

    83:28

Котормо: Шамсуддин Хакимов