Сүрө 81 Таквир, аят 1 – 14
-
إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ
Күн оролуп (нуру жоголуп),
81:1 -
وَإِذَا النُّجُومُ انْكَدَرَتْ
жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,
81:2 -
وَإِذَا الْجِبَالُ سُيِّرَتْ
Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,
81:3 -
وَإِذَا الْعِشَارُ عُطِّلَتْ
курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,
81:4 -
وَإِذَا الْوُحُوشُ حُشِرَتْ
жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,
81:5 -
وَإِذَا الْبِحَارُ سُجِّرَتْ
деңиздер жанып – от болуп,
81:6 -
وَإِذَا النُّفُوسُ زُوِّجَتْ
жандар бири-бирине коштолуп…
81:7 -
وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ
Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -
81:8 -
بِأَيِّ ذَنْبٍ قُتِلَتْ
Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...
81:9 -
وَإِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتْ
Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,
81:10 -
وَإِذَا السَّمَاءُ كُشِطَتْ
асман сыйрылып алынганда...
81:11 -
وَإِذَا الْجَحِيمُ سُعِّرَتْ
Тозок (катуу) кызытылып,
81:12 -
وَإِذَا الْجَنَّةُ أُزْلِفَتْ
Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…
81:13 -
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَا أَحْضَرَتْ
(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.
81:14
Котормо: Шамсуддин Хакимов