Сүрө 7 Аараф, аят 115 – 141

  1. قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِمَّا أَنْ تُلْقِيَ وَإِمَّا أَنْ نَكُونَ نَحْنُ الْمُلْقِينَ

    (Сыйкырчылар) айтышты: “Оо, Муса, же сен ташта же биз (биринчи) таштайлы?”

    7:115
  2. قَالَ أَلْقُوا ۖ فَلَمَّا أَلْقَوْا سَحَرُوا أَعْيُنَ النَّاسِ وَاسْتَرْهَبُوهُمْ وَجَاءُوا بِسِحْرٍ عَظِيمٍ

    (Муса) айтты: “Таштагыла”. Сыйкырчылар (колдорундагы жиптерин, таяктарын жерге) таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап (бойоп), үрөйлөрүн учуруп, чоң сыйкыр көргөзүштү.

    7:116
  3. وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ أَنْ أَلْقِ عَصَاكَ ۖ فَإِذَا هِيَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ

    Анан, Биз Мусага: “Таягыңды жерге ташта!”- деп аян кабар кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган таягы) сыйкырчылардын жалгандарын жутуп жиберди.

    7:117
  4. فَوَقَعَ الْحَقُّ وَبَطَلَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты.

    7:118
  5. فَغُلِبُوا هُنَالِكَ وَانْقَلَبُوا صَاغِرِينَ

    Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты.

    7:119
  6. وَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سَاجِدِينَ

    (Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай):

    7:120
  7. قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ الْعَالَمِينَ

    “Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик!" - дешти.

    7:121
  8. رَبِّ مُوسَىٰ وَهَارُونَ

    Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

    7:122
  9. قَالَ فِرْعَوْنُ آمَنْتُمْ بِهِ قَبْلَ أَنْ آذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّ هَٰذَا لَمَكْرٌ مَكَرْتُمُوهُ فِي الْمَدِينَةِ لِتُخْرِجُوا مِنْهَا أَهْلَهَا ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

    Фараон айтты: “Мен силерге уруксат бербесем да, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар!

    7:123
  10. لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ ثُمَّ لَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ

    Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши кесип, анан баарыңарды асып өлтүрөмүн!”

    7:124
  11. قَالُوا إِنَّا إِلَىٰ رَبِّنَا مُنْقَلِبُونَ

    (Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук!

    7:125
  12. وَمَا تَنْقِمُ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِآيَاتِ رَبِّنَا لَمَّا جَاءَتْنَا ۚ رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَتَوَفَّنَا مُسْلِمِينَ

    Сен бизден, Раббибиздин далил-мужизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз)да алгын!

    7:126
  13. وَقَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِ فِرْعَوْنَ أَتَذَرُ مُوسَىٰ وَقَوْمَهُ لِيُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ وَيَذَرَكَ وَآلِهَتَكَ ۚ قَالَ سَنُقَتِّلُ أَبْنَاءَهُمْ وَنَسْتَحْيِي نِسَاءَهُمْ وَإِنَّا فَوْقَهُمْ قَاهِرُونَ

    Фараондун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы тукуруп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн коёсуңбу?” - дешти. (Фараон) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”

    7:127
  14. قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ اسْتَعِينُوا بِاللَّهِ وَاصْبِرُوا ۖ إِنَّ الْأَرْضَ لِلَّهِ يُورِثُهَا مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۖ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ

    Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык. (Фараондуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”

    7:128
  15. قَالُوا أُوذِينَا مِنْ قَبْلِ أَنْ تَأْتِيَنَا وَمِنْ بَعْدِ مَا جِئْتَنَا ۚ قَالَ عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَنْ يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ

    (Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (азап уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кыларыңарды карап турат”.

    7:129
  16. وَلَقَدْ أَخَذْنَا آلَ فِرْعَوْنَ بِالسِّنِينَ وَنَقْصٍ مِنَ الثَّمَرَاتِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ

    Биз Фараон элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык.

    7:130
  17. فَإِذَا جَاءَتْهُمُ الْحَسَنَةُ قَالُوا لَنَا هَٰذِهِ ۖ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَطَّيَّرُوا بِمُوسَىٰ وَمَنْ مَعَهُ ۗ أَلَا إِنَّمَا طَائِرُهُمْ عِنْدَ اللَّهِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    Кийин, качан аларга жакшы турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер каатчылык болсо Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.

    7:131
  18. وَقَالُوا مَهْمَا تَأْتِنَا بِهِ مِنْ آيَةٍ لِتَسْحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحْنُ لَكَ بِمُؤْمِنِينَ

    Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлоо үчүн канча далил-мужиза көргөзбөгүн, баары бир сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.

    7:132
  19. فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ الطُّوفَانَ وَالْجَرَادَ وَالْقُمَّلَ وَالضَّفَادِعَ وَالدَّمَ آيَاتٍ مُفَصَّلَاتٍ فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا مُجْرِمِينَ

    Анан, Биз аларга (жаза иретинде) топон суу (балээсин), чегиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болчу.

    7:133
  20. وَلَمَّا وَقَعَ عَلَيْهِمُ الرِّجْزُ قَالُوا يَا مُوسَى ادْعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِنْدَكَ ۖ لَئِنْ كَشَفْتَ عَنَّا الرِّجْزَ لَنُؤْمِنَنَّ لَكَ وَلَنُرْسِلَنَّ مَعَكَ بَنِي إِسْرَائِيلَ

    Аларга балээ-кырсыктар (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти.

    7:134
  21. فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُمُ الرِّجْزَ إِلَىٰ أَجَلٍ هُمْ بَالِغُوهُ إِذَا هُمْ يَنْكُثُونَ

    Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту.

    7:135
  22. فَانْتَقَمْنَا مِنْهُمْ فَأَغْرَقْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ بِأَنَّهُمْ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَكَانُوا عَنْهَا غَافِلِينَ

    Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик!

    7:136
  23. وَأَوْرَثْنَا الْقَوْمَ الَّذِينَ كَانُوا يُسْتَضْعَفُونَ مَشَارِقَ الْأَرْضِ وَمَغَارِبَهَا الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا ۖ وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ الْحُسْنَىٰ عَلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ بِمَا صَبَرُوا ۖ وَدَمَّرْنَا مَا كَانَ يَصْنَعُ فِرْعَوْنُ وَقَوْمُهُ وَمَا كَانُوا يَعْرِشُونَ

    Биз алсыз-бечара коомго (Исраил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш тарабын (Фараон коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөзү, сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Биз Фараон менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын талкаладык!

    7:137
  24. وَجَاوَزْنَا بِبَنِي إِسْرَائِيلَ الْبَحْرَ فَأَتَوْا عَلَىٰ قَوْمٍ يَعْكُفُونَ عَلَىٰ أَصْنَامٍ لَهُمْ ۚ قَالُوا يَا مُوسَى اجْعَلْ لَنَا إِلَٰهًا كَمَا لَهُمْ آلِهَةٌ ۚ قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ تَجْهَلُونَ

    Биз Исраил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз бут-айкелдерине табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “О, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” - дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы!

    7:138
  25. إِنَّ هَٰؤُلَاءِ مُتَبَّرٌ مَا هُمْ فِيهِ وَبَاطِلٌ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Чынында, алардын дини жалган, жасап жаткан ибадаты да жалган!”

    7:139
  26. قَالَ أَغَيْرَ اللَّهِ أَبْغِيكُمْ إِلَٰهًا وَهُوَ فَضَّلَكُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ

    Айтты: “Эми, мен силерге Аллахтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллах силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып) койду эле го!”

    7:140
  27. وَإِذْ أَنْجَيْنَاكُمْ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوءَ الْعَذَابِ ۖ يُقَتِّلُونَ أَبْنَاءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَاءَكُمْ ۚ وَفِي ذَٰلِكُمْ بَلَاءٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَظِيمٌ

    Эстегиле, (Оо, Исраил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фараон адамдарынан куткарган элек. Ушунда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар.

    7:141

Котормо: Шамсуддин Хакимов