Сүрө 7 Аараф, аят 103 – 114
-
ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَظَلَمُوا بِهَا ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُفْسِدِينَ
Кийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны мужизаларыбыз менен Фараонго жана анын элине жибердик. Бирок, алар мужизаларга зулум кылышты (каапыр болушту). Эми, бузукулардын акыбети кандай болорун көрүп кой:
7:103 -
وَقَالَ مُوسَىٰ يَا فِرْعَوْنُ إِنِّي رَسُولٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Муса айтты: “Эй, Фараон! Мен ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын.
7:104 -
حَقِيقٌ عَلَىٰ أَنْ لَا أَقُولَ عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ ۚ قَدْ جِئْتُكُمْ بِبَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ فَأَرْسِلْ مَعِيَ بَنِي إِسْرَائِيلَ
(Ошондуктан) мага Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исраил урпактарын мага кошуп (мекендерине) жибергин!
7:105 -
قَالَ إِنْ كُنْتَ جِئْتَ بِآيَةٍ فَأْتِ بِهَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
(Фараон) Айтты: “Эгер сен чынчылдардан болсоң (жана Аллахтан) мужиза-далил алып келсең, аны көрсөтчү.
7:106 -
فَأَلْقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعْبَانٌ مُبِينٌ
Анан (Муса) аса-таягын (жерге) таштады эле… ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!
7:107 -
وَنَزَعَ يَدَهُ فَإِذَا هِيَ بَيْضَاءُ لِلنَّاظِرِينَ
Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле ошол замат көрүүчүлөргө ап-пак (нурдуу) болуп калды!
7:108 -
قَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِ فِرْعَوْنَ إِنَّ هَٰذَا لَسَاحِرٌ عَلِيمٌ
(Бул кереметти көргөн) Фараон коомунун адамдары (ыйман келтирүүнүн ордуна): “Бул – илимдүү сыйкырчыдан башка эмес!” – дешти.
7:109 -
يُرِيدُ أَنْ يُخْرِجَكُمْ مِنْ أَرْضِكُمْ ۖ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ
“Ал силерди жериңерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиңер?” (деди Фараон)
7:110 -
قَالُوا أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَأَرْسِلْ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ
(Адамдар) айтышты: “Аны менен бир тууганы Харунду койо тур дагы, бардык шаарларга (эл) чогултуучуларды жибер.
7:111 -
يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَاحِرٍ عَلِيمٍ
Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин.
7:112 -
وَجَاءَ السَّحَرَةُ فِرْعَوْنَ قَالُوا إِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِنْ كُنَّا نَحْنُ الْغَالِبِينَ
Фараондун сыйкырчылары жетип келишип: “Эгер биз жеңип чыксак сыйлык барбы?” дешти.
7:113 -
قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ لَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ
“Ооба – деди Фараон – силер менин жакындарымдан болуп каласыңар”.
7:114
Котормо: Шамсуддин Хакимов