Сүрө 7 Аараф, аят 10 – 25

  1. وَلَقَدْ مَكَّنَّاكُمْ فِي الْأَرْضِ وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَايِشَ ۗ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ

    Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар!

    7:10
  2. وَلَقَدْ خَلَقْنَاكُمْ ثُمَّ صَوَّرْنَاكُمْ ثُمَّ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ لَمْ يَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ

    Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду.

    7:11
  3. قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسْجُدَ إِذْ أَمَرْتُكَ ۖ قَالَ أَنَا خَيْرٌ مِنْهُ خَلَقْتَنِي مِنْ نَارٍ وَخَلَقْتَهُ مِنْ طِينٍ

    Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансың".

    7:12
  4. قَالَ فَاهْبِطْ مِنْهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَنْ تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَاخْرُجْ إِنَّكَ مِنَ الصَّاغِرِينَ

    Ал (Аллах) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”

    7:13
  5. قَالَ أَنْظِرْنِي إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ

    (Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (кыямат) күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”

    7:14
  6. قَالَ إِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ

    (Аллах) айтты: “Сен мөөнөт берилгендерденсиң».

    7:15
  7. قَالَ فَبِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأَقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَاطَكَ الْمُسْتَقِيمَ

    (Иблис) айтты: “Мени (бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин туура жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын.

    7:16
  8. ثُمَّ لَآتِيَنَّهُمْ مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ أَيْمَانِهِمْ وَعَنْ شَمَائِلِهِمْ ۖ وَلَا تَجِدُ أَكْثَرَهُمْ شَاكِرِينَ

    Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардын көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!

    7:17
  9. قَالَ اخْرُجْ مِنْهَا مَذْءُومًا مَدْحُورًا ۖ لَمَنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنْكُمْ أَجْمَعِينَ

    (Аллах) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, баарыңарды бириктирип тозокту толтурамын!

    7:18
  10. وَيَا آدَمُ اسْكُنْ أَنْتَ وَزَوْجُكَ الْجَنَّةَ فَكُلَا مِنْ حَيْثُ شِئْتُمَا وَلَا تَقْرَبَا هَٰذِهِ الشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ الظَّالِمِينَ

    (Биз айттык): «О, Адам, сен жана жубайың (Хава экөөң) Бейиште жашагыла, (андагы жаккан мөмөлөрдөн) каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакындабагыла. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.

    7:19
  11. فَوَسْوَسَ لَهُمَا الشَّيْطَانُ لِيُبْدِيَ لَهُمَا مَا وُورِيَ عَنْهُمَا مِنْ سَوْآتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَاكُمَا رَبُّكُمَا عَنْ هَٰذِهِ الشَّجَرَةِ إِلَّا أَنْ تَكُونَا مَلَكَيْنِ أَوْ تَكُونَا مِنَ الْخَالِدِينَ

    Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбооңор үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.

    7:20
  12. وَقَاسَمَهُمَا إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ النَّاصِحِينَ

    Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады.

    7:21
  13. فَدَلَّاهُمَا بِغُرُورٍ ۚ فَلَمَّا ذَاقَا الشَّجَرَةَ بَدَتْ لَهُمَا سَوْآتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِنْ وَرَقِ الْجَنَّةِ ۖ وَنَادَاهُمَا رَبُّهُمَا أَلَمْ أَنْهَكُمَا عَنْ تِلْكُمَا الشَّجَرَةِ وَأَقُلْ لَكُمَا إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمَا عَدُوٌّ مُبِينٌ

    Азгыруу менен ал экөөнү (таза жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”

    7:22
  14. قَالَا رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنْفُسَنَا وَإِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ

    Экөө (бушайман болуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” – дешти.

    7:23
  15. قَالَ اهْبِطُوا بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّ ۖ وَلَكُمْ فِي الْأَرْضِ مُسْتَقَرٌّ وَمَتَاعٌ إِلَىٰ حِينٍ

    (Аллах) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар.

    7:24
  16. قَالَ فِيهَا تَحْيَوْنَ وَفِيهَا تَمُوتُونَ وَمِنْهَا تُخْرَجُونَ

    (Аллах) айтты: “Ошол жерде жашайсыңар, ошол жерде өлөсүңөр жана (кыямат болгондо) ошондон кайра чыгарыласыңар.

    7:25

Котормо: Шамсуддин Хакимов