Сүрө 79 Назиат, аят 15 – 26

  1. هَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ مُوسَىٰ

    Сага Мусанын кабары келди беле?

    79:15
  2. إِذْ نَادَاهُ رَبُّهُ بِالْوَادِ الْمُقَدَّسِ طُوًى

    Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү:

    79:16
  3. اذْهَبْ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَىٰ

    «Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти».

    79:17
  4. فَقُلْ هَلْ لَكَ إِلَىٰ أَنْ تَزَكَّىٰ

    Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону

    79:18
  5. وَأَهْدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخْشَىٰ

    жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»

    79:19
  6. فَأَرَاهُ الْآيَةَ الْكُبْرَىٰ

    (Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү.

    79:20
  7. فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ

    Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты.

    79:21
  8. ثُمَّ أَدْبَرَ يَسْعَىٰ

    Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды.

    79:22
  9. فَحَشَرَ فَنَادَىٰ

    жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен:

    79:23
  10. فَقَالَ أَنَا رَبُّكُمُ الْأَعْلَىٰ

    «Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди.

    79:24
  11. فَأَخَذَهُ اللَّهُ نَكَالَ الْآخِرَةِ وَالْأُولَىٰ

    Анан... Аллах аны дүйнөлүк (жаза) жана Акыреттик азап менен жазалады.

    79:25
  12. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبْرَةً لِمَنْ يَخْشَىٰ

    Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар.

    79:26

Котормо: Шамсуддин Хакимов