Сүрө 74 Мудасир, аят 1 – 10

  1. يَا أَيُّهَا الْمُدَّثِّرُ

    Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!

    74:1
  2. قُمْ فَأَنْذِرْ

    Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!

    74:2
  3. وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ

    Жана Раббиңдин улуулугун даңазала!

    74:3
  4. وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ

    Жана кийимиңди тазала!

    74:4
  5. وَالرُّجْزَ فَاهْجُرْ

    Жана ыпластыктан ыраак бол!

    74:5
  6. وَلَا تَمْنُنْ تَسْتَكْثِرُ

    Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.

    74:6
  7. وَلِرَبِّكَ فَاصْبِرْ

    (Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!

    74:7
  8. فَإِذَا نُقِرَ فِي النَّاقُورِ

    Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).

    74:8
  9. فَذَٰلِكَ يَوْمَئِذٍ يَوْمٌ عَسِيرٌ

    Мына ушул күн – өтө оор күн!

    74:9
  10. عَلَى الْكَافِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍ

    Каапырларга жеңил болбогон (күн)!

    74:10

Котормо: Шамсуддин Хакимов