Сүрө 72 Джин

  1. قُلْ إِنِّي لَا أَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا رَشَدًا

    Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.

    72:21
  2. قُلْ إِنِّي لَنْ يُجِيرَنِي مِنَ اللَّهِ أَحَدٌ وَلَنْ أَجِدَ مِنْ دُونِهِ مُلْتَحَدًا

    (Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.

    72:22
  3. إِلَّا بَلَاغًا مِنَ اللَّهِ وَرِسَالَاتِهِ ۚ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا

    (Менин колумда) Аллах тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар). Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат!

    72:23
  4. حَتَّىٰ إِذَا رَأَوْا مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ أَضْعَفُ نَاصِرًا وَأَقَلُّ عَدَدًا

    Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.

    72:24
  5. قُلْ إِنْ أَدْرِي أَقَرِيبٌ مَا تُوعَدُونَ أَمْ يَجْعَلُ لَهُ رَبِّي أَمَدًا

    Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”.

    72:25
  6. عَالِمُ الْغَيْبِ فَلَا يُظْهِرُ عَلَىٰ غَيْبِهِ أَحَدًا

    Кайыпты билүүчү (бир гана Аллах!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт!

    72:26
  7. إِلَّا مَنِ ارْتَضَىٰ مِنْ رَسُولٍ فَإِنَّهُ يَسْلُكُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ رَصَدًا

    Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт.

    72:27
  8. لِيَعْلَمَ أَنْ قَدْ أَبْلَغُوا رِسَالَاتِ رَبِّهِمْ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيْهِمْ وَأَحْصَىٰ كُلَّ شَيْءٍ عَدَدًا

    (Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон.

    72:28

Котормо: Шамсуддин Хакимов