Сүрө 71 Нух

  1. إِنَّا أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِ أَنْ أَنْذِرْ قَوْمَكَ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин» - (деп вахий кылдык).

    71:1
  2. قَالَ يَا قَوْمِ إِنِّي لَكُمْ نَذِيرٌ مُبِينٌ

    Ал айтты: «Оо, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын.

    71:2
  3. أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاتَّقُوهُ وَأَطِيعُونِ

    Аллахка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула!

    71:3
  4. يَغْفِرْ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُؤَخِّرْكُمْ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۚ إِنَّ أَجَلَ اللَّهِ إِذَا جَاءَ لَا يُؤَخَّرُ ۖ لَوْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

    (Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллахтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер».

    71:4
  5. قَالَ رَبِّ إِنِّي دَعَوْتُ قَوْمِي لَيْلًا وَنَهَارًا

    (Нух) айтты : «Оо, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым.

    71:5
  6. فَلَمْ يَزِدْهُمْ دُعَائِي إِلَّا فِرَارًا

    Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү!

    71:6
  7. وَإِنِّي كُلَّمَا دَعَوْتُهُمْ لِتَغْفِرَ لَهُمْ جَعَلُوا أَصَابِعَهُمْ فِي آذَانِهِمْ وَاسْتَغْشَوْا ثِيَابَهُمْ وَأَصَرُّوا وَاسْتَكْبَرُوا اسْتِكْبَارًا

    Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти.

    71:7
  8. ثُمَّ إِنِّي دَعَوْتُهُمْ جِهَارًا

    Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым.

    71:8
  9. ثُمَّ إِنِّي أَعْلَنْتُ لَهُمْ وَأَسْرَرْتُ لَهُمْ إِسْرَارًا

    Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым.

    71:9
  10. فَقُلْتُ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَّارًا

    Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү!

    71:10
  11. يُرْسِلِ السَّمَاءَ عَلَيْكُمْ مِدْرَارًا

    Cилерге асмандан себелеген жамгыр жиберет.

    71:11
  12. وَيُمْدِدْكُمْ بِأَمْوَالٍ وَبَنِينَ وَيَجْعَلْ لَكُمْ جَنَّاتٍ وَيَجْعَلْ لَكُمْ أَنْهَارًا

    Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет.

    71:12
  13. مَا لَكُمْ لَا تَرْجُونَ لِلَّهِ وَقَارًا

    Силерге эмне болгон, Аллахка улуулукту каалабайсыңар?

    71:13
  14. وَقَدْ خَلَقَكُمْ أَطْوَارًا

    Ал силерди доор - доор менен жаратты го!

    71:14
  15. أَلَمْ تَرَوْا كَيْفَ خَلَقَ اللَّهُ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ طِبَاقًا

    Аллах (таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы?!

    71:15
  16. وَجَعَلَ الْقَمَرَ فِيهِنَّ نُورًا وَجَعَلَ الشَّمْسَ سِرَاجًا

    Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон.

    71:16
  17. وَاللَّهُ أَنْبَتَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ نَبَاتًا

    Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган.

    71:17
  18. ثُمَّ يُعِيدُكُمْ فِيهَا وَيُخْرِجُكُمْ إِخْرَاجًا

    Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат.

    71:18
  19. وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ بِسَاطًا

    Аллах силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды.

    71:19
  20. لِتَسْلُكُوا مِنْهَا سُبُلًا فِجَاجًا

    Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн.

    71:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов