Сүрө 70 Маариж

  1. وَإِذَا مَسَّهُ الْخَيْرُ مَنُوعًا

    Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.

    70:21
  2. إِلَّا الْمُصَلِّينَ

    Намаз окуучулар гана андай эмес.

    70:22
  3. الَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ دَائِمُونَ

    Алар намаздарын дайым окушат.

    70:23
  4. وَالَّذِينَ فِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ مَعْلُومٌ

    Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,

    70:24
  5. لِلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ

    муктаждар жана сурагандар үчүн.

    70:25
  6. وَالَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوْمِ الدِّينِ

    Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…

    70:26
  7. وَالَّذِينَ هُمْ مِنْ عَذَابِ رَبِّهِمْ مُشْفِقُونَ

    Алар Раббисинин азабынан коркушат…

    70:27
  8. إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمْ غَيْرُ مَأْمُونٍ

    Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.

    70:28
  9. وَالَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَافِظُونَ

    Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

    70:29
  10. إِلَّا عَلَىٰ أَزْوَاجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ

    Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.

    70:30
  11. فَمَنِ ابْتَغَىٰ وَرَاءَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْعَادُونَ

    Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!

    70:31
  12. وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ

    Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...

    70:32
  13. وَالَّذِينَ هُمْ بِشَهَادَاتِهِمْ قَائِمُونَ

    Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…

    70:33
  14. وَالَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ

    Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…

    70:34
  15. أُولَٰئِكَ فِي جَنَّاتٍ مُكْرَمُونَ

    Алар – бейиштерде сыйлануучулар!

    70:35
  16. فَمَالِ الَّذِينَ كَفَرُوا قِبَلَكَ مُهْطِعِينَ

    (Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?

    70:36
  17. عَنِ الْيَمِينِ وَعَنِ الشِّمَالِ عِزِينَ

    Оң каптал жана сол капталдан топурап?

    70:37
  18. أَيَطْمَعُ كُلُّ امْرِئٍ مِنْهُمْ أَنْ يُدْخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٍ

    Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?

    70:38
  19. كَلَّا ۖ إِنَّا خَلَقْنَاهُمْ مِمَّا يَعْلَمُونَ

    Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.

    70:39
  20. فَلَا أُقْسِمُ بِرَبِّ الْمَشَارِقِ وَالْمَغَارِبِ إِنَّا لَقَادِرُونَ

    Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:

    70:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов