Сүрө 70 Маариж, аят 1 – 9

  1. سَأَلَ سَائِلٌ بِعَذَابٍ وَاقِعٍ

    (Мушриктерден) бир суроочу собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -

    70:1
  2. لِلْكَافِرِينَ لَيْسَ لَهُ دَافِعٌ

    – каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!

    70:2
  3. مِنَ اللَّهِ ذِي الْمَعَارِجِ

    (Ал азап) Маьариж – тепкичтердин ээси Аллах тарабынан (келет).

    70:3
  4. تَعْرُجُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ إِلَيْهِ فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ

    Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.

    70:4
  5. فَاصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلًا

    (Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!

    70:5
  6. إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا

    Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.

    70:6
  7. وَنَرَاهُ قَرِيبًا

    Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.

    70:7
  8. يَوْمَ تَكُونُ السَّمَاءُ كَالْمُهْلِ

    Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,

    70:8
  9. وَتَكُونُ الْجِبَالُ كَالْعِهْنِ

    Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.

    70:9

Котормо: Шамсуддин Хакимов