Сүрө 68 Калам, аят 1 – 10

  1. ن ۚ وَالْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ

    Нун. (Оо, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын):

    68:1
  2. مَا أَنْتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍ

    Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.

    68:2
  3. وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍ

    (Пайгамбарлык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар!

    68:3
  4. وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ

    Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң.

    68:4
  5. فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ

    Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат -

    68:5
  6. بِأَيْيِكُمُ الْمَفْتُونُ

    Кимиңер азгырылган экениңерди.

    68:6
  7. إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ

    Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын эң жакшы билет.

    68:7
  8. فَلَا تُطِعِ الْمُكَذِّبِينَ

    (Динди) жалган дегендерге моюн сунба!

    68:8
  9. وَدُّوا لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ

    Сен алар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат.

    68:9
  10. وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَهِينٍ

    Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго,

    68:10

Котормо: Шамсуддин Хакимов