Сүрө 68 Калам
-
ن ۚ وَالْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ
Нун. (Оо, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын):
68:1 -
مَا أَنْتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍ
Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.
68:2 -
وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍ
(Пайгамбарлык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар!
68:3 -
وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ
Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң.
68:4 -
فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ
Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат -
68:5 -
بِأَيْيِكُمُ الْمَفْتُونُ
Кимиңер азгырылган экениңерди.
68:6 -
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын эң жакшы билет.
68:7 -
فَلَا تُطِعِ الْمُكَذِّبِينَ
(Динди) жалган дегендерге моюн сунба!
68:8 -
وَدُّوا لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ
Сен алар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат.
68:9 -
وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَهِينٍ
Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго,
68:10 -
هَمَّازٍ مَشَّاءٍ بِنَمِيمٍ
(адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга,
68:11 -
مَنَّاعٍ لِلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ
чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга,
68:12 -
عُتُلٍّ بَعْدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ
орой жана андан соң..., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга!
68:13 -
أَنْ كَانَ ذَا مَالٍ وَبَنِينَ
Ал бай жана перзенти көп болгондуктан,
68:14 -
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го» – деди.
68:15 -
سَنَسِمُهُ عَلَى الْخُرْطُومِ
Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз!
68:16 -
إِنَّا بَلَوْنَاهُمْ كَمَا بَلَوْنَا أَصْحَابَ الْجَنَّةِ إِذْ أَقْسَمُوا لَيَصْرِمُنَّهَا مُصْبِحِينَ
Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык. Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.
68:17 -
وَلَا يَسْتَثْنُونَ
Алар (ниеттеринде “Аллах кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады.
68:18 -
فَطَافَ عَلَيْهَا طَائِفٌ مِنْ رَبِّكَ وَهُمْ نَائِمُونَ
Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы...)
68:19 -
فَأَصْبَحَتْ كَالصَّرِيمِ
(Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды.
68:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов