Сүрө 52 Тур, аят 1 – 28
-
وَالطُّورِ
Тур тоосуна ант!
52:1 -
وَكِتَابٍ مَسْطُورٍ
Жана жазылган Китепке ант.
52:2 -
فِي رَقٍّ مَنْشُورٍ
Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,
52:3 -
وَالْبَيْتِ الْمَعْمُورِ
Жана Абад Үйгө ант!
52:4 -
وَالسَّقْفِ الْمَرْفُوعِ
Жана бийик тамга (асманга) ант!
52:5 -
وَالْبَحْرِ الْمَسْجُورِ
Жаңы толуп-ташкан деңизге ант!
52:6 -
إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ لَوَاقِعٌ
(Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу!
52:7 -
مَا لَهُ مِنْ دَافِعٍ
Аны (эч бир) кайтаруучу жок!
52:8 -
يَوْمَ تَمُورُ السَّمَاءُ مَوْرًا
Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт.
52:9 -
وَتَسِيرُ الْجِبَالُ سَيْرًا
Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт.
52:10 -
فَوَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ
Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун!
52:11 -
الَّذِينَ هُمْ فِي خَوْضٍ يَلْعَبُونَ
Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле.
52:12 -
يَوْمَ يُدَعُّونَ إِلَىٰ نَارِ جَهَنَّمَ دَعًّا
Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат:)
52:13 -
هَٰذِهِ النَّارُ الَّتِي كُنْتُمْ بِهَا تُكَذِّبُونَ
«Силер жалганга чыгарган тозок – ушул!
52:14 -
أَفَسِحْرٌ هَٰذَا أَمْ أَنْتُمْ لَا تُبْصِرُونَ
Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы?
52:15 -
اصْلَوْهَا فَاصْبِرُوا أَوْ لَا تَصْبِرُوا سَوَاءٌ عَلَيْكُمْ ۖ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!».
52:16 -
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَنَعِيمٍ
Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер бейиштердин жана нээматтардын ичинде.
52:17 -
فَاكِهِينَ بِمَا آتَاهُمْ رَبُّهُمْ وَوَقَاهُمْ رَبُّهُمْ عَذَابَ الْجَحِيمِ
Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт.
52:18 -
كُلُوا وَاشْرَبُوا هَنِيئًا بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
(Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат).
52:19 -
مُتَّكِئِينَ عَلَىٰ سُرُرٍ مَصْفُوفَةٍ ۖ وَزَوَّجْنَاهُمْ بِحُورٍ عِينٍ
(Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз.
52:20 -
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَاتَّبَعَتْهُمْ ذُرِّيَّتُهُمْ بِإِيمَانٍ أَلْحَقْنَا بِهِمْ ذُرِّيَّتَهُمْ وَمَا أَلَتْنَاهُمْ مِنْ عَمَلِهِمْ مِنْ شَيْءٍ ۚ كُلُّ امْرِئٍ بِمَا كَسَبَ رَهِينٌ
Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну.
52:21 -
وَأَمْدَدْنَاهُمْ بِفَاكِهَةٍ وَلَحْمٍ مِمَّا يَشْتَهُونَ
Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз.
52:22 -
يَتَنَازَعُونَ فِيهَا كَأْسًا لَا لَغْوٌ فِيهَا وَلَا تَأْثِيمٌ
Алар анда (бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт.
52:23 -
وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ غِلْمَانٌ لَهُمْ كَأَنَّهُمْ لُؤْلُؤٌ مَكْنُونٌ
Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат.
52:24 -
وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَاءَلُونَ
Жана (бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты:
52:25 -
قَالُوا إِنَّا كُنَّا قَبْلُ فِي أَهْلِنَا مُشْفِقِينَ
(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллах тааладан) коркуучулар элек.
52:26 -
فَمَنَّ اللَّهُ عَلَيْنَا وَوَقَانَا عَذَابَ السَّمُومِ
Анан бизге Аллах (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды.
52:27 -
إِنَّا كُنَّا مِنْ قَبْلُ نَدْعُوهُ ۖ إِنَّهُ هُوَ الْبَرُّ الرَّحِيمُ
Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу.
52:28
Котормо: Шамсуддин Хакимов