Сүрө 52 Тур, аят 1 – 10

  1. وَالطُّورِ

    Тур тоосуна ант!

    52:1
  2. وَكِتَابٍ مَسْطُورٍ

    Жана жазылган Китепке ант.

    52:2
  3. فِي رَقٍّ مَنْشُورٍ

    Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,

    52:3
  4. وَالْبَيْتِ الْمَعْمُورِ

    Жана Абад Үйгө ант!

    52:4
  5. وَالسَّقْفِ الْمَرْفُوعِ

    Жана бийик тамга (асманга) ант!

    52:5
  6. وَالْبَحْرِ الْمَسْجُورِ

    Жаңы толуп-ташкан деңизге ант!

    52:6
  7. إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ لَوَاقِعٌ

    (Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу!

    52:7
  8. مَا لَهُ مِنْ دَافِعٍ

    Аны (эч бир) кайтаруучу жок!

    52:8
  9. يَوْمَ تَمُورُ السَّمَاءُ مَوْرًا

    Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт.

    52:9
  10. وَتَسِيرُ الْجِبَالُ سَيْرًا

    Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт.

    52:10

Котормо: Шамсуддин Хакимов