Сүрө 51 Зариат, аят 20 – 23

  1. وَفِي الْأَرْضِ آيَاتٌ لِلْمُوقِنِينَ

    Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.

    51:20
  2. وَفِي أَنْفُسِكُمْ ۚ أَفَلَا تُبْصِرُونَ

    Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?

    51:21
  3. وَفِي السَّمَاءِ رِزْقُكُمْ وَمَا تُوعَدُونَ

    Асманда силердин ырыскыңар жана силерге убада кылынган нерселер бар.

    51:22
  4. فَوَرَبِّ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِنَّهُ لَحَقٌّ مِثْلَ مَا أَنَّكُمْ تَنْطِقُونَ

    Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!

    51:23

Котормо: Шамсуддин Хакимов