Сүрө 4 Ниса, аят 80 – 81
-
مَنْ يُطِعِ الرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ اللَّهَ ۖ وَمَنْ تَوَلَّىٰ فَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا
Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллахка моюн сунуптур. Ким моюн сунбаса (өзүнө зыян). Биз сени аларга кароол кылып жиберген эмеспиз.
4:80 -
وَيَقُولُونَ طَاعَةٌ فَإِذَا بَرَزُوا مِنْ عِنْدِكَ بَيَّتَ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ غَيْرَ الَّذِي تَقُولُ ۖ وَاللَّهُ يَكْتُبُ مَا يُبَيِّتُونَ ۖ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
(Сенин алдыңда) “Моюн сундук” дешет. Ал эми сенден чыгаар замат, алардын бир тайпалары (түнү менен «айнып») сага айтканынын тескерисин сүйлөп калышат. Аллах алардын (түнкү) сүйлөшүүлөрүн жазып койот. Cен алардан жүз буруп, Аллахка гана таянгын! Аллах жетиштүү таяныч.
4:81
Котормо: Шамсуддин Хакимов