Сүрө 4 Ниса, аят 13 – 14
-
تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ يُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Ушулар Аллахтын чектери (аны бузбагыла!) Эми, ким Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунса, (Аллах) аны түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет (жана) анда түбөлүк калат. Бул – чоң жеңиш!
4:13 -
وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُ يُدْخِلْهُ نَارًا خَالِدًا فِيهَا وَلَهُ عَذَابٌ مُهِينٌ
Ал эми, ким Аллахка жана пайгамбарына (каапыр болуу менен толук) күнөө кылса жана Аллахтын чектеринен чыкса, аны түбөлүк кала турган тозокко киргизет. Ага кор кылуучу азап бар.
4:14
Котормо: Шамсуддин Хакимов