Сүрө 43 Зухруф

  1. قُلْ إِنْ كَانَ لِلرَّحْمَٰنِ وَلَدٌ فَأَنَا أَوَّلُ الْعَابِدِينَ

    Айт (оо, Мухаммад): «Эгер Аллахтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын.

    43:81
  2. سُبْحَانَ رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ

    (Бирок) Асмандар менен жердин жана (улук) Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»

    43:82
  3. فَذَرْهُمْ يَخُوضُوا وَيَلْعَبُوا حَتَّىٰ يُلَاقُوا يَوْمَهُمُ الَّذِي يُوعَدُونَ

    (Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин!

    43:83
  4. وَهُوَ الَّذِي فِي السَّمَاءِ إِلَٰهٌ وَفِي الْأَرْضِ إِلَٰهٌ ۚ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْعَلِيمُ

    Ал (Аллах) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал – Билүүчү, Даанышман!

    43:84
  5. وَتَبَارَكَ الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَعِنْدَهُ عِلْمُ السَّاعَةِ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

    Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллах Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар.

    43:85
  6. وَلَا يَمْلِكُ الَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ الشَّفَاعَةَ إِلَّا مَنْ شَهِدَ بِالْحَقِّ وَهُمْ يَعْلَمُونَ

    Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон адамдар(га гана шапаат насип кылат).

    43:86
  7. وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ خَلَقَهُمْ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ

    Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет. Дагы кайда баратасыңар?!

    43:87
  8. وَقِيلِهِ يَا رَبِّ إِنَّ هَٰؤُلَاءِ قَوْمٌ لَا يُؤْمِنُونَ

    Жана (Аллах пайгамбарынын): «Оо, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом» – деген сөзүн да билет.

    43:88
  9. فَاصْفَحْ عَنْهُمْ وَقُلْ سَلَامٌ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

    Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар» – дегин.

    43:89

Котормо: Шамсуддин Хакимов