Сүрө 40 Гафир
-
وَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ فَأَيَّ آيَاتِ اللَّهِ تُنْكِرُونَ
Аллах силерге (кудуретинин) белгилерин көргөзүүдө. Аллахтын кайсы аят-белгисин жокко чыгара алсыңар?!
40:81 -
أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْهُمْ وَأَشَدَّ قُوَّةً وَآثَارًا فِي الْأَرْضِ فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
(Мушриктер) жер жүзүн кезип саякат кылышпайбы. Ошондо өздөрүнөн мурунку (каапыр) элдердин акыбети кандай болгонун көрүп алышмак. Алар булардан күч-кубаттуурак, жана жер бетинде калтырган (тарыхий-маданий) издери көбүрөөк эле! Бирок, жасаган өнөрлөрү аларга (Аллахтын азабы келгенде) пайда бере албады!
40:82 -
فَلَمَّا جَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَرِحُوا بِمَا عِنْدَهُمْ مِنَ الْعِلْمِ وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Аларга пайгамбарлары далил-баяндар менен келгенде, өздөрүндөгү илим менен текеберлене сүйүнүшкөн (жана бейиш-тозок жөнүндөгү кабарларды мыскылдашкан). Анан аларды мыскылдаган нерселери (тозок оту) ороп алды.
40:83 -
فَلَمَّا رَأَوْا بَأْسَنَا قَالُوا آمَنَّا بِاللَّهِ وَحْدَهُ وَكَفَرْنَا بِمَا كُنَّا بِهِ مُشْرِكِينَ
Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллахтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик! Аллахка шерик кошкон «кудайларыбыздан» кайттык!» деп (кокуйлап) калышты.
40:84 -
فَلَمْ يَكُ يَنْفَعُهُمْ إِيمَانُهُمْ لَمَّا رَأَوْا بَأْسَنَا ۖ سُنَّتَ اللَّهِ الَّتِي قَدْ خَلَتْ فِي عِبَادِهِ ۖ وَخَسِرَ هُنَالِكَ الْكَافِرُونَ
Бирок, Биздин азабыбызды көрүп калгандагы ыймандары аларга пайда бербеди! (Бул) (байыркы) пенделеринин арасында өткөн Аллахтын (сыналган) Жолу. Каапырлар ошондо (азап келгенде) өлүмгө жолугушту!
40:85
Котормо: Шамсуддин Хакимов