Сүрө 3 Али Имран, аят 42 – 50
-
وَإِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاكِ وَطَهَّرَكِ وَاصْطَفَاكِ عَلَىٰ نِسَاءِ الْعَالَمِينَ
Ошондо периштелер: “Оо, Марям! Аллах сени тандап, (жаман пейил-сыпаттардан) тазалады жана ааламдагы бардык аялдардан абзел кылды.
3:42 -
يَا مَرْيَمُ اقْنُتِي لِرَبِّكِ وَاسْجُدِي وَارْكَعِي مَعَ الرَّاكِعِينَ
О, Марям! Раббиңе моюн сунуу менен (көп) ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, үрүкү кыл” - дешти.
3:43 -
ذَٰلِكَ مِنْ أَنْبَاءِ الْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ ۚ وَمَا كُنْتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يُلْقُونَ أَقْلَامَهُمْ أَيُّهُمْ يَكْفُلُ مَرْيَمَ وَمَا كُنْتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يَخْتَصِمُونَ
Бул окуялар (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”- деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң.
3:44 -
إِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٍ مِنْهُ اسْمُهُ الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ وَجِيهًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ
Бир кезде периштелер айтты: “Оо, Марям! Аллах сени, ысымы Иса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эң жакын адамдардан болот.
3:45 -
وَيُكَلِّمُ النَّاسَ فِي الْمَهْدِ وَكَهْلًا وَمِنَ الصَّالِحِينَ
Дагы, ал адамдарга бешикте жана чоңойгондо сүйлөйт жана салих-таза адамдардан болот”.
3:46 -
قَالَتْ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي وَلَدٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِي بَشَرٌ ۖ قَالَ كَذَٰلِكِ اللَّهُ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ إِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Марям айтты: “О, Раббим! Мени эч бир (эркек) адам «кармабаган» болсо, кайдан бала болсун?!” (Аллах) айтты: “Ушундай. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болуп калат”.
3:47 -
وَيُعَلِّمُهُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَالتَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ
Жана (Аллах) ага жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт,
3:48 -
وَرَسُولًا إِلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنِّي قَدْ جِئْتُكُمْ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ أَنِّي أَخْلُقُ لَكُمْ مِنَ الطِّينِ كَهَيْئَةِ الطَّيْرِ فَأَنْفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيْرًا بِإِذْنِ اللَّهِ ۖ وَأُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ وَأُحْيِي الْمَوْتَىٰ بِإِذْنِ اللَّهِ ۖ وَأُنَبِّئُكُمْ بِمَا تَأْكُلُونَ وَمَا تَدَّخِرُونَ فِي بُيُوتِكُمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Исраил урпактарына элчи - пайгамбар кылат. (Анан Иса аларга айтат:) “Мен силерге Раббиңерден (менин чын пайгамбар экенимди далилдей турган төмөндөгүчө) белгилер (моожизалар) алып келдим: силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм, Аллахтын уруксаты менен (тирүү) куш болуп калат, Аллахтын уруксаты менен сокурларды, пес (ала) оорулууларды айыктырам, өлүктөрдү тирилтем. Жана мен силерге үйүңөрдө эмнени жеп, эмнени сактап койгонуңарды да айтып бере алам. Албетте, ушул нерселерде силер үчүн (менин пайгамбар экениме далил болгон) белгилер бар, эгер ишенсеңер.
3:49 -
وَمُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ وَلِأُحِلَّ لَكُمْ بَعْضَ الَّذِي حُرِّمَ عَلَيْكُمْ ۚ وَجِئْتُكُمْ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ
(Мен) силерге өзүмдөн мурунку Тооратты тастыкташ үчүн, жана силерге (Тооратта) арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылыш үчүн (пайгамбар кылып жиберилдим) жана мен силерге Раббиңерден аят-далилдерди алып келдим. Эми, Аллахтан корккула жана Мага моюн сунгула.
3:50
Котормо: Шамсуддин Хакимов