Сүрө 37 Саффат, аят 6 – 10

  1. إِنَّا زَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِزِينَةٍ الْكَوَاكِبِ

    Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.

    37:6
  2. وَحِفْظًا مِنْ كُلِّ شَيْطَانٍ مَارِدٍ

    Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.

    37:7
  3. لَا يَسَّمَّعُونَ إِلَى الْمَلَإِ الْأَعْلَىٰ وَيُقْذَفُونَ مِنْ كُلِّ جَانِبٍ

    Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт. (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.

    37:8
  4. دُحُورًا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ وَاصِبٌ

    (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.

    37:9
  5. إِلَّا مَنْ خَطِفَ الْخَطْفَةَ فَأَتْبَعَهُ شِهَابٌ ثَاقِبٌ

    Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).

    37:10

Котормо: Шамсуддин Хакимов