Сүрө 37 Саффат, аят 139 – 146

  1. وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ

    Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.

    37:139
  2. إِذْ أَبَقَ إِلَى الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ

    Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.

    37:140
  3. فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ الْمُدْحَضِينَ

    Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.

    37:141
  4. فَالْتَقَمَهُ الْحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٌ

    Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.

    37:142
  5. فَلَوْلَا أَنَّهُ كَانَ مِنَ الْمُسَبِّحِينَ

    Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,

    37:143
  6. لَلَبِثَ فِي بَطْنِهِ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ

    Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.

    37:144
  7. فَنَبَذْنَاهُ بِالْعَرَاءِ وَهُوَ سَقِيمٌ

    Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.

    37:145
  8. وَأَنْبَتْنَا عَلَيْهِ شَجَرَةً مِنْ يَقْطِينٍ

    Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.

    37:146

Котормо: Шамсуддин Хакимов