Сүрө 37 Саффат, аят 104 – 109
-
وَنَادَيْنَاهُ أَنْ يَا إِبْرَاهِيمُ
«Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.
37:104 -
قَدْ صَدَّقْتَ الرُّؤْيَا ۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».
37:105 -
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ الْبَلَاءُ الْمُبِينُ
Чынында, бул анык сыноо болгон.
37:106 -
وَفَدَيْنَاهُ بِذِبْحٍ عَظِيمٍ
Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.
37:107 -
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِي الْآخِرِينَ
Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
37:108 -
سَلَامٌ عَلَىٰ إِبْرَاهِيمَ
Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!
37:109
Котормо: Шамсуддин Хакимов