Сүрө 36 Ясин
-
أَوَلَيْسَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ ۚ بَلَىٰ وَهُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ
Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү.
36:81 -
إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат.
36:82 -
فَسُبْحَانَ الَّذِي بِيَدِهِ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيْءٍ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллах (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!
36:83
Котормо: Шамсуддин Хакимов