Сүрө 34 Саба, аят 31 – 36

  1. وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَنْ نُؤْمِنَ بِهَٰذَا الْقُرْآنِ وَلَا بِالَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ ۗ وَلَوْ تَرَىٰ إِذِ الظَّالِمُونَ مَوْقُوفُونَ عِنْدَ رَبِّهِمْ يَرْجِعُ بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ الْقَوْلَ يَقُولُ الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا لَوْلَا أَنْتُمْ لَكُنَّا مُؤْمِنِينَ

    Каапыр адамдар айтты: «Биз эч качан бул Куранга ишенбейбиз, андан мурунку китептерге да ишенбейбиз!» Жана сен (оо, Мухаммад) ошол залымдарды, Раббисинин алдында (тикесинен) тургузулуп, бири-бирине сөз кайтарып жаткандарын (бир) көрсөң эле! Ээрчиген алсыздары текебер жолбашчыларына: «Эгер силер болбогондо биз ыйман келтирмекпиз!» – дешет.

    34:31
  2. قَالَ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا لِلَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا أَنَحْنُ صَدَدْنَاكُمْ عَنِ الْهُدَىٰ بَعْدَ إِذْ جَاءَكُمْ ۖ بَلْ كُنْتُمْ مُجْرِمِينَ

    Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди туура жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!» – дешет.

    34:32
  3. وَقَالَ الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا بَلْ مَكْرُ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ إِذْ تَأْمُرُونَنَا أَنْ نَكْفُرَ بِاللَّهِ وَنَجْعَلَ لَهُ أَنْدَادًا ۚ وَأَسَرُّوا النَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ وَجَعَلْنَا الْأَغْلَالَ فِي أَعْنَاقِ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ هَلْ يُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    (Анда) ээрчиген алсыздар текебер жол башчыларына (мындай) дешет: «Жок!» Күнү-түнү (силер кылган) айлакерлик бизди азгырды. Ал кезде силер бизди Аллахка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(га зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты.

    34:33
  4. وَمَا أَرْسَلْنَا فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتْرَفُوهَا إِنَّا بِمَا أُرْسِلْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ

    Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын дөөлөтүнө чиренгендер: «Биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен.

    34:34
  5. وَقَالُوا نَحْنُ أَكْثَرُ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

    Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, бала-бакырабыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.

    34:35
  6. قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

    Айт (оо, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына тар кылат. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт».

    34:36

Котормо: Шамсуддин Хакимов