Сүрө 34 Саба
-
الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَلَهُ الْحَمْدُ فِي الْآخِرَةِ ۚ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْخَبِيرُ
Аллахка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар!
34:1 -
يَعْلَمُ مَا يَلِجُ فِي الْأَرْضِ وَمَا يَخْرُجُ مِنْهَا وَمَا يَنْزِلُ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا يَعْرُجُ فِيهَا ۚ وَهُوَ الرَّحِيمُ الْغَفُورُ
Ал жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган (бардык) нерселерди билет. Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү!
34:2 -
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَأْتِينَا السَّاعَةُ ۖ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأْتِيَنَّكُمْ عَالِمِ الْغَيْبِ ۖ لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَلَا أَصْغَرُ مِنْ ذَٰلِكَ وَلَا أَكْبَرُ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ
Каапырлар: «Бизге кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.
34:3 -
لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ
Ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарга (Аллах) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар.
34:4 -
وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды(н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (акыретте) жан ооруткан катуу азап бар!
34:5 -
وَيَرَى الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ الَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ هُوَ الْحَقَّ وَيَهْدِي إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ
Илим-туура жол берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсени (Куранды), акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллахтын жолуна баштайт деп ишенишет.
34:6 -
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا هَلْ نَدُلُّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍ يُنَبِّئُكُمْ إِذَا مُزِّقْتُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمْ لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ
Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт).
34:7 -
أَفْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَمْ بِهِ جِنَّةٌ ۗ بَلِ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ فِي الْعَذَابِ وَالضَّلَالِ الْبَعِيدِ
Ал Аллахка жалаа жаап жатабы же болбосо жинди болуп калганбы!?» Жок! (Андай эмес!) Акыретке (кайра тирилүүгө) ишенбеген (ал дооматчы) адамдар азапта жана алыс адашууда!
34:8 -
أَفَلَمْ يَرَوْا إِلَىٰ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۚ إِنْ نَشَأْ نَخْسِفْ بِهِمُ الْأَرْضَ أَوْ نُسْقِطْ عَلَيْهِمْ كِسَفًا مِنَ السَّمَاءِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِكُلِّ عَبْدٍ مُنِيبٍ
Алар алды-артындагы: Асмандагы жана Жердеги нерселерге карап, ойлонушпайбы?! Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберебиз же болбосо, үстүнө асманды бөлүп, барчалап түшүрүп жиберебиз! Мында ар бир тообо кылган пенде үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.
34:9 -
وَلَقَدْ آتَيْنَا دَاوُودَ مِنَّا فَضْلًا ۖ يَا جِبَالُ أَوِّبِي مَعَهُ وَالطَّيْرَ ۖ وَأَلَنَّا لَهُ الْحَدِيدَ
Биз Даудга Өз артыкчылыгыбыздан (илим, пайгамбарлык, бийлик) бердик: «Оо, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!» (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип:
34:10 -
أَنِ اعْمَلْ سَابِغَاتٍ وَقَدِّرْ فِي السَّرْدِ ۖ وَاعْمَلُوا صَالِحًا ۖ إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
«Зоот-кийимдерди кенен-тыкан кылып токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин! (Оо, Дауддун үй-бүлөсү!) Жакшы амалдарды кылгыла! Мен силердин бүткүл ишиңерди көрүп туруучумун» дедик.
34:11 -
وَلِسُلَيْمَانَ الرِّيحَ غُدُوُّهَا شَهْرٌ وَرَوَاحُهَا شَهْرٌ ۖ وَأَسَلْنَا لَهُ عَيْنَ الْقِطْرِ ۖ وَمِنَ الْجِنِّ مَنْ يَعْمَلُ بَيْنَ يَدَيْهِ بِإِذْنِ رَبِّهِ ۖ وَمَنْ يَزِغْ مِنْهُمْ عَنْ أَمْرِنَا نُذِقْهُ مِنْ عَذَابِ السَّعِيرِ
Жана Биз Сулайманга эртең менен – бир айлык, кечинде – бир айлык (жолду басып өтчү) шамалды моюн сундуруп бердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин буйругубуздан четке чыкса, ага тозок азабын таттырабыз.
34:12 -
يَعْمَلُونَ لَهُ مَا يَشَاءُ مِنْ مَحَارِيبَ وَتَمَاثِيلَ وَجِفَانٍ كَالْجَوَابِ وَقُدُورٍ رَاسِيَاتٍ ۚ اعْمَلُوا آلَ دَاوُودَ شُكْرًا ۚ وَقَلِيلٌ مِنْ عِبَادِيَ الشَّكُورُ
Алар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чоң-бекем казандарды жасап беришет. Оо, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (жакшы) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз!
34:13 -
فَلَمَّا قَضَيْنَا عَلَيْهِ الْمَوْتَ مَا دَلَّهُمْ عَلَىٰ مَوْتِهِ إِلَّا دَابَّةُ الْأَرْضِ تَأْكُلُ مِنْسَأَتَهُ ۖ فَلَمَّا خَرَّ تَبَيَّنَتِ الْجِنُّ أَنْ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ الْغَيْبَ مَا لَبِثُوا فِي الْعَذَابِ الْمُهِينِ
Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда таягын жеген жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге көргөзүп койду: (Таягы сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты. Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу.
34:14 -
لَقَدْ كَانَ لِسَبَإٍ فِي مَسْكَنِهِمْ آيَةٌ ۖ جَنَّتَانِ عَنْ يَمِينٍ وَشِمَالٍ ۖ كُلُوا مِنْ رِزْقِ رَبِّكُمْ وَاشْكُرُوا لَهُ ۚ بَلْدَةٌ طَيِّبَةٌ وَرَبٌّ غَفُورٌ
Сабалыктардын мекенинде (алар үчүн Аллахтын жакшылыктарынын) белгилери болгон. (Бири) оң тарабында, (бири) сол тарабында эки бак бар эле. (Биз аларга): «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Шаарыңар кооз-көркөм) жакшы шаар, Рабби(ңер) кечиримдүү» (дедик).
34:15 -
فَأَعْرَضُوا فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ سَيْلَ الْعَرِمِ وَبَدَّلْنَاهُمْ بِجَنَّتَيْهِمْ جَنَّتَيْنِ ذَوَاتَيْ أُكُلٍ خَمْطٍ وَأَثْلٍ وَشَيْءٍ مِنْ سِدْرٍ قَلِيلٍ
Алар жүз бурушту эле, Биз аларга (катуу) сел жиберип, (көгөргөн, ширин мөмөлүү) эки багын тең мөмөсү ачуу, бадалдуу жана аз сандагы сидр дарактары бар «бактарга» айлантып койдук.
34:16 -
ذَٰلِكَ جَزَيْنَاهُمْ بِمَا كَفَرُوا ۖ وَهَلْ نُجَازِي إِلَّا الْكَفُورَ
Бул каапырчылыктарына жараша аларды жазалаганыбыз. Биз каапыр элдерди гана жазалайбыз.
34:17 -
وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمْ وَبَيْنَ الْقُرَى الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا قُرًى ظَاهِرَةً وَقَدَّرْنَا فِيهَا السَّيْرَ ۖ سِيرُوا فِيهَا لَيَالِيَ وَأَيَّامًا آمِنِينَ
Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаардын аралыгына (алар үчүн) көрктүү (бири-бирине жакын) айылдарды тургузуп, араларына жолдорду куруп: «Ушул жолдордо түнү-күн тынчтыкта жүрө бергиле» (дегенбиз. Бирок, Саба урпактары ушул жакшылыкты да билбей, Аллахка шүгүр келтирүүнүн ордуна...,)
34:18 -
فَقَالُوا رَبَّنَا بَاعِدْ بَيْنَ أَسْفَارِنَا وَظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ فَجَعَلْنَاهُمْ أَحَادِيثَ وَمَزَّقْنَاهُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ
«Оо, Рабби! Биздин сапар-жолдорубузду(н арасын) алыстатып кой» – дешти жана өздөрүнө зулум кылышты. Кийин Биз аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып, тыркыратып таштадык. Албетте, мында ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу адам үчүн (Биздин кудуретибизге) белгилер бар.
34:19 -
وَلَقَدْ صَدَّقَ عَلَيْهِمْ إِبْلِيسُ ظَنَّهُ فَاتَّبَعُوهُ إِلَّا فَرِيقًا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Чынында, Иблис өзүнүн («мен инсаниятты азгырамын») деген оюн ушулардын (ага ээрчигендердин) үстүндө иш жүзүнө ашырды. Бир топ ыймандуулардан башка бардыгы аны ээрчип кетишти.
34:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов