Сүрө 34 Саба, аят 22 – 30
-
قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ لَا يَمْلِكُونَ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَمَا لَهُمْ فِيهِمَا مِنْ شِرْكٍ وَمَا لَهُ مِنْهُمْ مِنْ ظَهِيرٍ
(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллахтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселериңерди чакыргылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана Жердеги кыпындай нерсеге да Ээ эмес! Алар үчүн асмандар менен Жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллахтын Өзү жараткан).
34:22 -
وَلَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ عِنْدَهُ إِلَّا لِمَنْ أَذِنَ لَهُ ۚ حَتَّىٰ إِذَا فُزِّعَ عَنْ قُلُوبِهِمْ قَالُوا مَاذَا قَالَ رَبُّكُمْ ۖ قَالُوا الْحَقَّ ۖ وَهُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ
Анын (Аллахтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллах уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (периштелердин) жүрөктөрүнөн коркунуч алынган соң, «Раббиңер эмне деди?» – дешет. «Акыйкатты (айтты)» – дешет алар. Жана Ал – эң Жогору, Улук!
34:23 -
قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ قُلِ اللَّهُ ۖ وَإِنَّا أَوْ إِيَّاكُمْ لَعَلَىٰ هُدًى أَوْ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Айт, (оо, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» Айт: «Аллах!» (Оо, Мушриктер!) же биз, же силер (гана) туура жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»
34:24 -
قُلْ لَا تُسْأَلُونَ عَمَّا أَجْرَمْنَا وَلَا نُسْأَلُ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Айт: «Биздин күнөөлөрүбүз үчүн силер сурак бербейсиңер, силер жасаган (жаман) иштерге биз суралбайбыз!»
34:25 -
قُلْ يَجْمَعُ بَيْنَنَا رَبُّنَا ثُمَّ يَفْتَحُ بَيْنَنَا بِالْحَقِّ وَهُوَ الْفَتَّاحُ الْعَلِيمُ
Айт: «Раббибиз силер менен бизди (бир жерге) чогултуп, анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал – Өкүмдар, Билүүчү!»
34:26 -
قُلْ أَرُونِيَ الَّذِينَ أَلْحَقْتُمْ بِهِ شُرَكَاءَ ۖ كَلَّا ۚ بَلْ هُوَ اللَّهُ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Айт: «Ага кошкон шериктериңерди мага көргөзгүлөчү?! Жок! Аллах Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман!»
34:27 -
وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Биз сени (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. (Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мушриктерге тозок жөнүндө эскертүү бергенде, алар мусулмандарга карап:)
34:28 -
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
«Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада качан (келет)?» – дешет.
34:29 -
قُلْ لَكُمْ مِيعَادُ يَوْمٍ لَا تَسْتَأْخِرُونَ عَنْهُ سَاعَةً وَلَا تَسْتَقْدِمُونَ
Айткын: «Силерге убада күн бар. Силер андан бираз убакыт эрте, же бираз убакыт кеч калтырылбайсыңар».
34:30
Котормо: Шамсуддин Хакимов