Сүрө 33 Ахзаб
-
مَلْعُونِينَ ۖ أَيْنَمَا ثُقِفُوا أُخِذُوا وَقُتِّلُوا تَقْتِيلًا
(Анан) каргышка учураган абалда (куугунтукталып) кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет.
33:61 -
سُنَّةَ اللَّهِ فِي الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلُ ۖ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلًا
Аллахтын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Аллахтын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың!
33:62 -
يَسْأَلُكَ النَّاسُ عَنِ السَّاعَةِ ۖ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِنْدَ اللَّهِ ۚ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ السَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا
Сенден адамдар кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Анын илими Аллахтын гана алдында. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билер элең, мүмкүн кыяматтын болору жакын.
33:63 -
إِنَّ اللَّهَ لَعَنَ الْكَافِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمْ سَعِيرًا
Аллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду!
33:64 -
خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ لَا يَجِدُونَ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт!
33:65 -
يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ يَقُولُونَ يَا لَيْتَنَا أَطَعْنَا اللَّهَ وَأَطَعْنَا الرَّسُولَا
Алардын беттери тозокто (ары-бери) оодарылган күндө: «О! Кана эми, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!» – деп (өкүнүчтө) калышат.
33:66 -
وَقَالُوا رَبَّنَا إِنَّا أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَاءَنَا فَأَضَلُّونَا السَّبِيلَا
Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор туура жолдон адаштырган!
33:67 -
رَبَّنَا آتِهِمْ ضِعْفَيْنِ مِنَ الْعَذَابِ وَالْعَنْهُمْ لَعْنًا كَبِيرًا
Оо, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!» – дешет.
33:68 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ آذَوْا مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ اللَّهُ مِمَّا قَالُوا ۚ وَكَانَ عِنْدَ اللَّهِ وَجِيهًا
Оо, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадка мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллах аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган. (Себеби) Ал Аллахтын алдында урматтуу (пайгамбар).
33:69 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا
Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чындык-акыйкат гана сөздөрдү сүйлөгүлө!
33:70 -
يُصْلِحْ لَكُمْ أَعْمَالَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا
(Ошондо) Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (бейишке) жетиптир!
33:71 -
إِنَّا عَرَضْنَا الْأَمَانَةَ عَلَى السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَنْ يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا الْإِنْسَانُ ۖ إِنَّهُ كَانَ ظَلُومًا جَهُولًا
Биз аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз мойнуна алды. Ал – зулумкер, наадан.
33:72 -
لِيُعَذِّبَ اللَّهُ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْمُشْرِكِينَ وَالْمُشْرِكَاتِ وَيَتُوبَ اللَّهُ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Аллах мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тообосун кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
33:73
Котормо: Шамсуддин Хакимов