Катталуу, бет 12

  1. أَوَلَا يَعْلَمُونَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ

    (Китеп ээлери) ичине каткан сырларын да, ашкере нерселерин да Аллах билип турушун билишпейби?

    2:77
  2. وَمِنْهُمْ أُمِّيُّونَ لَا يَعْلَمُونَ الْكِتَابَ إِلَّا أَمَانِيَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَظُنُّونَ

    Алардын арасында сабатсыздары да бар. Алар китепти (Тооротту) билишпейт. Жалаң күмөндөрдү гана билишет. Алар (пайгамбарчылык жөнүндө) күмөндө гана болушат.

    2:78
  3. فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ يَكْتُبُونَ الْكِتَابَ بِأَيْدِيهِمْ ثُمَّ يَقُولُونَ هَٰذَا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ لِيَشْتَرُوا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۖ فَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا كَتَبَتْ أَيْدِيهِمْ وَوَيْلٌ لَهُمْ مِمَّا يَكْسِبُونَ

    Өз колдору менен китеп жазып, аны арзыбаган баага сатуу үчүн “Бул Аллахтан келген (китеп)” дей турган адамдарга катуу азап (тозок) болсун! Аларга өз колдору менен жазгандары (ыйык китепти бурмалагандары) үчүн азап болсун! Аларга (арамдан) тапкан пайдалары үчүн азап болсун!

    2:79
  4. وَقَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَةً ۚ قُلْ أَتَّخَذْتُمْ عِنْدَ اللَّهِ عَهْدًا فَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ عَهْدَهُ ۖ أَمْ تَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

    (Китеп ээлери) “Бизди тозок кармабайт, кармаса да (анда) саналуу күндөр (кармайт)” дешет. (Оо, Мухаммад) Сен айткын: “Эмне, силер Аллахтан убада-келишим алдыңар беле?! Аллах эч качан убадасына кыянат кылбайт. Же болбосо, өзүңөр билбеген нерселерди Аллахка (оодарып) сүйлөп жатасыңарбы?!

    2:80
  5. بَلَىٰ مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

    Жок! (Андай эмес!) Ким бир күнөө (ширк) кылса жана күнөөлөрү аны ороп-чырмап алган болсо, тозото болушат жана анда түбөлүк калышат!

    2:81
  6. وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

    Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга) ыйман келтирип, салих (жакшы) амалдарды жасагандар бейиш ээлери жана анда түбөлүк калышат.

    2:82
  7. وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ لَا تَعْبُدُونَ إِلَّا اللَّهَ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَقُولُوا لِلنَّاسِ حُسْنًا وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ثُمَّ تَوَلَّيْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْكُمْ وَأَنْتُمْ مُعْرِضُونَ

    Эстегиле, Биз Исраил урпактарынан “Аллахтан башка Кудайга сыйынбагыла, ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, бей-бечараларга жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сөз айткыла, намазды толук аткаргыла жана зекетти бергиле” деп ант-убада алган элек. Кийин силер – бир аз кишиден башкаңар – жүзүңөрдү үйрүп (каапыр болуп) кеттиңер.

    2:83

Котормо: Шамсуддин Хакимов