Сүрө 2 Бакара, аят 259

  1. أَوْ كَالَّذِي مَرَّ عَلَىٰ قَرْيَةٍ وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا قَالَ أَنَّىٰ يُحْيِي هَٰذِهِ اللَّهُ بَعْدَ مَوْتِهَا ۖ فَأَمَاتَهُ اللَّهُ مِائَةَ عَامٍ ثُمَّ بَعَثَهُ ۖ قَالَ كَمْ لَبِثْتَ ۖ قَالَ لَبِثْتُ يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ ۖ قَالَ بَلْ لَبِثْتَ مِائَةَ عَامٍ فَانْظُرْ إِلَىٰ طَعَامِكَ وَشَرَابِكَ لَمْ يَتَسَنَّهْ ۖ وَانْظُرْ إِلَىٰ حِمَارِكَ وَلِنَجْعَلَكَ آيَةً لِلنَّاسِ ۖ وَانْظُرْ إِلَى الْعِظَامِ كَيْفَ نُنْشِزُهَا ثُمَّ نَكْسُوهَا لَحْمًا ۚ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ قَالَ أَعْلَمُ أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Же болбосо (оо, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши(нин окуясы) сыяктуу (кабар укпадыңбы?) Ал киши: (ойрон болгон айылдан өтүп бара жатып) "Аллах ушуну(н элдерин) өлгөндөн соң кантип (кайра) тирилте алат?!" деди. Аллах анын өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип: "Канча убак жаттың?" – деди. "Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк" деп жооп берди. (Аллах) айтты: "Жок, жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамак-ашыңды, суусундуктарыңды карачы – бузулган эмес. Жана эшегиңе (чирип кеткен сөөктөрүнө) да кара. Биз сени адамдарга (Өз кудуретибизден) аян - белги кылуу үчүн (ушундай) кылдык. Жана сөөктөргө кара: Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. (Өз көзүң менен көрүп ал!). Анан бардыгы ага (көз алдында) анык билингенде: "Мен (эми) Аллахтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин!" – деди.

    2:259

Котормо: Шамсуддин Хакимов