Сүрө 2 Бакара, аят 177
-
لَيْسَ الْبِرَّ أَنْ تُوَلُّوا وُجُوهَكُمْ قِبَلَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ وَلَٰكِنَّ الْبِرَّ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالْكِتَابِ وَالنَّبِيِّينَ وَآتَى الْمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِ ذَوِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ وَالسَّائِلِينَ وَفِي الرِّقَابِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَالْمُوفُونَ بِعَهْدِهِمْ إِذَا عَاهَدُوا ۖ وَالصَّابِرِينَ فِي الْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ وَحِينَ الْبَأْسِ ۗ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ صَدَقُوا ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ
Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери). Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер!
2:177
Котормо: Шамсуддин Хакимов