Сүрө 25 Фуркан

  1. تَبَارَكَ الَّذِي جَعَلَ فِي السَّمَاءِ بُرُوجًا وَجَعَلَ فِيهَا سِرَاجًا وَقَمَرًا مُنِيرًا

    Асмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.

    25:61
  2. وَهُوَ الَّذِي جَعَلَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ خِلْفَةً لِمَنْ أَرَادَ أَنْ يَذَّكَّرَ أَوْ أَرَادَ شُكُورًا

    Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.

    25:62
  3. وَعِبَادُ الرَّحْمَٰنِ الَّذِينَ يَمْشُونَ عَلَى الْأَرْضِ هَوْنًا وَإِذَا خَاطَبَهُمُ الْجَاهِلُونَ قَالُوا سَلَامًا

    Чексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.

    25:63
  4. وَالَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمْ سُجَّدًا وَقِيَامًا

    Алар түн ичинде Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.

    25:64
  5. وَالَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا اصْرِفْ عَنَّا عَذَابَ جَهَنَّمَ ۖ إِنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا

    Алар «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс!

    25:65
  6. إِنَّهَا سَاءَتْ مُسْتَقَرًّا وَمُقَامًا

    Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.

    25:66
  7. وَالَّذِينَ إِذَا أَنْفَقُوا لَمْ يُسْرِفُوا وَلَمْ يَقْتُرُوا وَكَانَ بَيْنَ ذَٰلِكَ قَوَامًا

    Алар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.

    25:67
  8. وَالَّذِينَ لَا يَدْعُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ وَلَا يَقْتُلُونَ النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَا يَزْنُونَ ۚ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ يَلْقَ أَثَامًا

    Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат.

    25:68
  9. يُضَاعَفْ لَهُ الْعَذَابُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَيَخْلُدْ فِيهِ مُهَانًا

    Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.

    25:69
  10. إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ عَمَلًا صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ يُبَدِّلُ اللَّهُ سَيِّئَاتِهِمْ حَسَنَاتٍ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

    Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат. Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    25:70
  11. وَمَنْ تَابَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَإِنَّهُ يَتُوبُ إِلَى اللَّهِ مَتَابًا

    Жана кимде-ким тообо кылып, жакшылык иштерди кылса, ал Аллахка (Аллахтын жолуна) чындап кайтыптыр.

    25:71
  12. وَالَّذِينَ لَا يَشْهَدُونَ الزُّورَ وَإِذَا مَرُّوا بِاللَّغْوِ مَرُّوا كِرَامًا

    Жана алар (Ырайымдуунун пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт.

    25:72
  13. وَالَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ لَمْ يَخِرُّوا عَلَيْهَا صُمًّا وَعُمْيَانًا

    Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат.)

    25:73
  14. وَالَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا

    Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.

    25:74
  15. أُولَٰئِكَ يُجْزَوْنَ الْغُرْفَةَ بِمَا صَبَرُوا وَيُلَقَّوْنَ فِيهَا تَحِيَّةً وَسَلَامًا

    Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.

    25:75
  16. خَالِدِينَ فِيهَا ۚ حَسُنَتْ مُسْتَقَرًّا وَمُقَامًا

    Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун!

    25:76
  17. قُلْ مَا يَعْبَأُ بِكُمْ رَبِّي لَوْلَا دُعَاؤُكُمْ ۖ فَقَدْ كَذَّبْتُمْ فَسَوْفَ يَكُونُ لِزَامًا

    (Оо, Мухаммад!) айткын: «Эгер (араңарда ыймандуу) дуба кылгандар болбосо, Аллах силерди (каапырларды) баалабайт. Себеби силер (динди, Куранды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада (калпка чыгаргандын жазасы) силер менен бирге болот.

    25:77

Котормо: Шамсуддин Хакимов