Катталуу, бет 365
-
وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا مُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
Биз сени (ыймандууларга бейиштин) сүйүнүч, (Аллахка баш ийбегендерге тозоктон) эскертүү кабарын берүүчү кылып жибергенбиз.
25:56 -
قُلْ مَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِلَّا مَنْ شَاءَ أَنْ يَتَّخِذَ إِلَىٰ رَبِّهِ سَبِيلًا
Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).
25:57 -
وَتَوَكَّلْ عَلَى الْحَيِّ الَّذِي لَا يَمُوتُ وَسَبِّحْ بِحَمْدِهِ ۚ وَكَفَىٰ بِهِ بِذُنُوبِ عِبَادِهِ خَبِيرًا
Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.
25:58 -
الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ ۚ الرَّحْمَٰنُ فَاسْأَلْ بِهِ خَبِيرًا
Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду. Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)
25:59 -
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اسْجُدُوا لِلرَّحْمَٰنِ قَالُوا وَمَا الرَّحْمَٰنُ أَنَسْجُدُ لِمَا تَأْمُرُنَا وَزَادَهُمْ نُفُورًا ۩
Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.
25:60 -
تَبَارَكَ الَّذِي جَعَلَ فِي السَّمَاءِ بُرُوجًا وَجَعَلَ فِيهَا سِرَاجًا وَقَمَرًا مُنِيرًا
Асмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.
25:61 -
وَهُوَ الَّذِي جَعَلَ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ خِلْفَةً لِمَنْ أَرَادَ أَنْ يَذَّكَّرَ أَوْ أَرَادَ شُكُورًا
Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.
25:62 -
وَعِبَادُ الرَّحْمَٰنِ الَّذِينَ يَمْشُونَ عَلَى الْأَرْضِ هَوْنًا وَإِذَا خَاطَبَهُمُ الْجَاهِلُونَ قَالُوا سَلَامًا
Чексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.
25:63 -
وَالَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمْ سُجَّدًا وَقِيَامًا
Алар түн ичинде Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.
25:64 -
وَالَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا اصْرِفْ عَنَّا عَذَابَ جَهَنَّمَ ۖ إِنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا
Алар «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс!
25:65 -
إِنَّهَا سَاءَتْ مُسْتَقَرًّا وَمُقَامًا
Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.
25:66 -
وَالَّذِينَ إِذَا أَنْفَقُوا لَمْ يُسْرِفُوا وَلَمْ يَقْتُرُوا وَكَانَ بَيْنَ ذَٰلِكَ قَوَامًا
Алар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.
25:67
Котормо: Шамсуддин Хакимов