Сүрө 22 Хаж, аят 36 – 37
-
وَالْبُدْنَ جَعَلْنَاهَا لَكُمْ مِنْ شَعَائِرِ اللَّهِ لَكُمْ فِيهَا خَيْرٌ ۖ فَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهَا صَوَافَّ ۖ فَإِذَا وَجَبَتْ جُنُوبُهَا فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْقَانِعَ وَالْمُعْتَرَّ ۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرْنَاهَا لَكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
(Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллахтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллахтын ысымын айта бергиле. Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!
22:36 -
لَنْ يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَٰكِنْ يَنَالُهُ التَّقْوَىٰ مِنْكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرَهَا لَكُمْ لِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ ۗ وَبَشِّرِ الْمُحْسِنِينَ
Аллахка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллахты улуктап («Бисмилаахи Аллаху Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык кылуучуларга (бейиштен) куш кабар бер.
22:37
Котормо: Шамсуддин Хакимов