Сүрө 16 Нахл
-
شَاكِرًا لِأَنْعُمِهِ ۚ اجْتَبَاهُ وَهَدَاهُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
(Дагы ал) Аллахтын нээматтарына шүгүр келтирүүчү болгон. (Ошондуктан, Раббиси аны көп элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштады (пайгамбар кылды).
16:121 -
وَآتَيْنَاهُ فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً ۖ وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ
Жана Биз ага дүйнөдө ихсан-жакшылыктарды бердик. Ал Акыретте да жакшылардан болот.
16:122 -
ثُمَّ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ أَنِ اتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۖ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Андан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллахка сыйынуучу Ибрахимдин динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду” деп аян-кабар жибердик.
16:123 -
إِنَّمَا جُعِلَ السَّبْتُ عَلَى الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِيهِ ۚ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Ишемби күн(дү урматтоо) ал (Жума күн) жөнүндө талашып (натыйжада жолдон чыгып) кеткен адамдарга (яхудилерге парыз) кылынды. Албетте, сенин Раббиң Кыямат Күндө алар талашкан нерсе жөнүндө (адилет) өкүм чыгарат.
16:124 -
ادْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ ۖ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
(О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал туура жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.
16:125 -
وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ ۖ وَلَئِنْ صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِلصَّابِرِينَ
(О, ыймандуулар!) Эгерде (силерге жаман сөз же жаман иш менен зыян жеткирген адамдардан) өч алчу болсоңор, өзүңөргө кандай зыян жеткен болсо, дал ошондой өч алгыла. Эгер (өч албай, кечирип) сабыр кылсаңар, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшы.
16:126 -
وَاصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِاللَّهِ ۚ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُ فِي ضَيْقٍ مِمَّا يَمْكُرُونَ
(О, Мухаммад,) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллахтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын!
16:127 -
إِنَّ اللَّهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَوْا وَالَّذِينَ هُمْ مُحْسِنُونَ
Албетте, Аллах такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен!
16:128
Котормо: Шамсуддин Хакимов