Сүрө 14 Ибрахим

  1. رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ

    О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир!

    14:41
  2. وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلًا عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ ۚ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ

    (О, Мухаммад), сен Аллахты залымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө.

    14:42
  3. مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ ۖ وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ

    (Ошол күндө) алар баштары ойдо көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй.

    14:43
  4. وَأَنْذِرِ النَّاسَ يَوْمَ يَأْتِيهِمُ الْعَذَابُ فَيَقُولُ الَّذِينَ ظَلَمُوا رَبَّنَا أَخِّرْنَا إِلَىٰ أَجَلٍ قَرِيبٍ نُجِبْ دَعْوَتَكَ وَنَتَّبِعِ الرُّسُلَ ۗ أَوَلَمْ تَكُونُوا أَقْسَمْتُمْ مِنْ قَبْلُ مَا لَكُمْ مِنْ زَوَالٍ

    Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле?

    14:44
  5. وَسَكَنْتُمْ فِي مَسَاكِنِ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ وَتَبَيَّنَ لَكُمْ كَيْفَ فَعَلْنَا بِهِمْ وَضَرَبْنَا لَكُمُ الْأَمْثَالَ

    (Худдун, Салихтин коому сыяктуу) өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге (Куранда алардын) мисалдарын келтирген элек?!

    14:45
  6. وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِنْدَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِنْ كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ

    Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллахтын алдында (белгилүү)

    14:46
  7. فَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِ رُسُلَهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ

    Сен Аллах Өзүнүн пайгамбарларына («залымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллах Кудуреттүү жана өч алуучу!

    14:47
  8. يَوْمَ تُبَدَّلُ الْأَرْضُ غَيْرَ الْأَرْضِ وَالسَّمَاوَاتُ ۖ وَبَرَزُوا لِلَّهِ الْوَاحِدِ الْقَهَّارِ

    (Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллахка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)!

    14:48
  9. وَتَرَى الْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ مُقَرَّنِينَ فِي الْأَصْفَادِ

    Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң.

    14:49
  10. سَرَابِيلُهُمْ مِنْ قَطِرَانٍ وَتَغْشَىٰ وُجُوهَهُمُ النَّارُ

    (Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. (Бул азаптар Аллах тарабынан зулум эмес, тескерисинче:)

    14:50
  11. لِيَجْزِيَ اللَّهُ كُلَّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ

    Аллах ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллах тез эсептешүүчү.

    14:51
  12. هَٰذَا بَلَاغٌ لِلنَّاسِ وَلِيُنْذَرُوا بِهِ وَلِيَعْلَمُوا أَنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ وَلِيَذَّكَّرَ أُولُو الْأَلْبَابِ

    Бул (Куран) адамдарга арналган кемчиликсиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын!

    14:52

Котормо: Шамсуддин Хакимов