Сүрө 14 Ибрахим
-
وَبَرَزُوا لِلَّهِ جَمِيعًا فَقَالَ الضُّعَفَاءُ لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا إِنَّا كُنَّا لَكُمْ تَبَعًا فَهَلْ أَنْتُمْ مُغْنُونَ عَنَّا مِنْ عَذَابِ اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ ۚ قَالُوا لَوْ هَدَانَا اللَّهُ لَهَدَيْنَاكُمْ ۖ سَوَاءٌ عَلَيْنَا أَجَزِعْنَا أَمْ صَبَرْنَا مَا لَنَا مِنْ مَحِيصٍ
(Кыяматта Сур кернейи тартылганда) бардык адамдар (мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгып) Аллахтын алдында тизилип калышат. Ошондо, (бул дүйнөдө) алсыз (моюн сунуучу) болгондору, текебер (каапыр) башчыларына: «Чынында, биз силерге ээрчиген элек, бүгүн Аллахтын азабынан бизди бир аз болсо да куткара аласыңарбы?» - дешкенде, алар айтышат: «Эгер бизди Аллах туура жолго баштаганда, биз да силерди туура жолго баштайт элек. Эми, (болор иш болду) биз чыдамсыздык кылабызбы же сабырдуу болобузбу, (баары бир) бизге эч бир кутулуу жок!»
14:21 -
وَقَالَ الشَّيْطَانُ لَمَّا قُضِيَ الْأَمْرُ إِنَّ اللَّهَ وَعَدَكُمْ وَعْدَ الْحَقِّ وَوَعَدْتُكُمْ فَأَخْلَفْتُكُمْ ۖ وَمَا كَانَ لِيَ عَلَيْكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ إِلَّا أَنْ دَعَوْتُكُمْ فَاسْتَجَبْتُمْ لِي ۖ فَلَا تَلُومُونِي وَلُومُوا أَنْفُسَكُمْ ۖ مَا أَنَا بِمُصْرِخِكُمْ وَمَا أَنْتُمْ بِمُصْرِخِيَّ ۖ إِنِّي كَفَرْتُ بِمَا أَشْرَكْتُمُونِ مِنْ قَبْلُ ۗ إِنَّ الظَّالِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Иш чечилип, (тозокулар - тозокко, бейишилер - бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллах силерге чын убада берген болчу. Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум. Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллахка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин). Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) залымдарга кыйноочу азап бар».
14:22 -
وَأُدْخِلَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ ۖ تَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَامٌ
Ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот.
14:23 -
أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرَةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَاءِ
(О, инсан), Аллах таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда.
14:24 -
تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا ۗ وَيَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллах адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет.
14:25 -
وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ اجْتُثَّتْ مِنْ فَوْقِ الْأَرْضِ مَا لَهَا مِنْ قَرَارٍ
Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош.
14:26 -
يُثَبِّتُ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا بِالْقَوْلِ الثَّابِتِ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ ۖ وَيُضِلُّ اللَّهُ الظَّالِمِينَ ۚ وَيَفْعَلُ اللَّهُ مَا يَشَاءُ
Аллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт. Залымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
14:27 -
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ بَدَّلُوا نِعْمَتَ اللَّهِ كُفْرًا وَأَحَلُّوا قَوْمَهُمْ دَارَ الْبَوَارِ
(О, инсан!) Аллах берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө
14:28 -
جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا ۖ وَبِئْسَ الْقَرَارُ
өздөрү ташталчу тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун!
14:29 -
وَجَعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا لِيُضِلُّوا عَنْ سَبِيلِهِ ۗ قُلْ تَمَتَّعُوا فَإِنَّ مَصِيرَكُمْ إِلَى النَّارِ
Алар адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн Аллахка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер - тозок!»
14:30 -
قُلْ لِعِبَادِيَ الَّذِينَ آمَنُوا يُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا بَيْعٌ فِيهِ وَلَا خِلَالٌ
Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын!
14:31 -
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْفُلْكَ لِتَجْرِيَ فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْأَنْهَارَ
Аллах асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду.
14:32 -
وَسَخَّرَ لَكُمُ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ دَائِبَيْنِ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ
Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду.
14:33 -
وَآتَاكُمْ مِنْ كُلِّ مَا سَأَلْتُمُوهُ ۚ وَإِنْ تَعُدُّوا نِعْمَتَ اللَّهِ لَا تُحْصُوهَا ۗ إِنَّ الْإِنْسَانَ لَظَلُومٌ كَفَّارٌ
Жана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллахтын жакшылыктарын санасаңар бүтүрө атбайсыңар. Чынында, инсан өтө залым, өтө шүгүрсүз!
14:34 -
وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ اجْعَلْ هَٰذَا الْبَلَدَ آمِنًا وَاجْنُبْنِي وَبَنِيَّ أَنْ نَعْبُدَ الْأَصْنَامَ
(О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл!
14:35 -
رَبِّ إِنَّهُنَّ أَضْلَلْنَ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ ۖ فَمَنْ تَبِعَنِي فَإِنَّهُ مِنِّي ۖ وَمَنْ عَصَانِي فَإِنَّكَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
О, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллахка ибадат кылса) - ал менден. Ким мага каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң!
14:36 -
رَبَّنَا إِنِّي أَسْكَنْتُ مِنْ ذُرِّيَّتِي بِوَادٍ غَيْرِ ذِي زَرْعٍ عِنْدَ بَيْتِكَ الْمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُوا الصَّلَاةَ فَاجْعَلْ أَفْئِدَةً مِنَ النَّاسِ تَهْوِي إِلَيْهِمْ وَارْزُقْهُمْ مِنَ الثَّمَرَاتِ لَعَلَّهُمْ يَشْكُرُونَ
О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса!
14:37 -
رَبَّنَا إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا نُخْفِي وَمَا نُعْلِنُ ۗ وَمَا يَخْفَىٰ عَلَى اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ
О, Раббим! Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиң! Аллахтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес!
14:38 -
الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي وَهَبَ لِي عَلَى الْكِبَرِ إِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ ۚ إِنَّ رَبِّي لَسَمِيعُ الدُّعَاءِ
Мага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллахка (чексиз) мактоолор болсун! Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу!
14:39 -
رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي ۚ رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ
О, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр?!
14:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов