Сүрө 12 Юсуф, аят 50
-
وَقَالَ الْمَلِكُ ائْتُونِي بِهِ ۖ فَلَمَّا جَاءَهُ الرَّسُولُ قَالَ ارْجِعْ إِلَىٰ رَبِّكَ فَاسْأَلْهُ مَا بَالُ النِّسْوَةِ اللَّاتِي قَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ ۚ إِنَّ رَبِّي بِكَيْدِهِنَّ عَلِيمٌ
Падыша айтты: “Аны мага алып келгиле”. Юсуфка анын чабарманы келгенде (зындандан чыгууга шашылбай, өзүнүн актыгын далилдеп, ашкере кылуу үчүн): “Кожоюнуңа кайтып баргын дагы, колдорун кесип алган аялдарга эмне болгонун сурагын. Менин Раббим алардын айлакерлигин Билүүчү” деди.
12:50
Котормо: Шамсуддин Хакимов