Катталуу, бет 8
-
وَإِذْ نَجَّيْنَاكُمْ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوءَ الْعَذَابِ يُذَبِّحُونَ أَبْنَاءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَاءَكُمْ ۚ وَفِي ذَٰلِكُمْ بَلَاءٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَظِيمٌ
(О, Исраил урпактары!) Эстегиле: силерди Фараондун адамдарынан Биз куткардык. Ал силерди катуу азапка салып иштетип, балдарыңарды союп, аялдарыңарды тирүү калтырган. Мында Раббиңер тарабынан чоң жакшылык бар эле.
2:49 -
وَإِذْ فَرَقْنَا بِكُمُ الْبَحْرَ فَأَنْجَيْنَاكُمْ وَأَغْرَقْنَا آلَ فِرْعَوْنَ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ
Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фараондун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар.
2:50 -
وَإِذْ وَاعَدْنَا مُوسَىٰ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً ثُمَّ اتَّخَذْتُمُ الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَنْتُمْ ظَالِمُونَ
Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер (билип туруп) өзүңөргө зулум кылган абалда музоону кудай кылып алдыңар.
2:51 -
ثُمَّ عَفَوْنَا عَنْكُمْ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп кечирдик.
2:52 -
وَإِذْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَالْفُرْقَانَ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Ошондо, туура жолго түшөөрсүңөр деп Биз Мусага китепти жана Фурканды (жакшылык менен жамандыктын арасын ажыратууну) бердик.
2:53 -
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ إِنَّكُمْ ظَلَمْتُمْ أَنْفُسَكُمْ بِاتِّخَاذِكُمُ الْعِجْلَ فَتُوبُوا إِلَىٰ بَارِئِكُمْ فَاقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ عِنْدَ بَارِئِكُمْ فَتَابَ عَلَيْكُمْ ۚ إِنَّهُ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Ошол кезде Муса коомуна айтты: «О, коомум! Силер музоону кудай кылып алууңар менен өзүңөргө зулум кылдыңар! Эми Жаратуучуңарга тобо кылгыла, өзүңөрдү (ыймандуулар каапырларды) өлтүргүлө! Жаратуучуңардын эсебинде ушул силер үчүн жакшыраак. Аллах тобоңорду кабыл кылды! Ал - тоболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү!
2:54 -
وَإِذْ قُلْتُمْ يَا مُوسَىٰ لَنْ نُؤْمِنَ لَكَ حَتَّىٰ نَرَى اللَّهَ جَهْرَةً فَأَخَذَتْكُمُ الصَّاعِقَةُ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ
Бир кезде силер айттыңар: «О, Муса, биз Аллахты айкын көрмөйүнчө, сага ыйман келтирбейбиз». Андан кийин силерди (бири-бириңерге) карап турган абалыңарда чагылган урду.
2:55 -
ثُمَّ بَعَثْنَاكُمْ مِنْ بَعْدِ مَوْتِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Кийин Биз силерди ушундан соң шүгүр кылаарсыңар деп өлгөнүңөрдөн соң кайра тирилттик.
2:56 -
وَظَلَّلْنَا عَلَيْكُمُ الْغَمَامَ وَأَنْزَلْنَا عَلَيْكُمُ الْمَنَّ وَالسَّلْوَىٰ ۖ كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ ۖ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
(Силер чөлдө адашып жүргөндө) Биз үстүңөргө булутту көлөкө кылып, (асмандан) «манн» жана «салва» деген тамактарды түшүрдүк: Жегиле, Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан! Алар Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө зулум кылышты.
2:57
Котормо: Шамсуддин Хакимов