Катталуу, бет 63

  1. وَكَيْفَ تَكْفُرُونَ وَأَنْتُمْ تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ آيَاتُ اللَّهِ وَفِيكُمْ رَسُولُهُ ۗ وَمَنْ يَعْتَصِمْ بِاللَّهِ فَقَدْ هُدِيَ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

    Силерге Аллахтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси туруп, кантип эле каапыр болуп кетесиңер. Жана ким Аллахты(н динин) бекем кармаса, сөзсүз туура жолго багытталат.

    3:101
  2. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِ وَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنْتُمْ مُسْلِمُونَ

    О, ыйман келтирген адамдар! Аллахтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө.

    3:102
  3. وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا ۚ وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنْتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُمْ بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا وَكُنْتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍ مِنَ النَّارِ فَأَنْقَذَكُمْ مِنْهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

    Бардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө! Аллахтын берген нээматын эстегиле: Бир кезде силер өз ара душман болуп (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү үлпөт кылды жана Анын (бул) нээматы себептүү (бир туугандай) дос-бурадар болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, Андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын – туура жолго түшөөрсүңөр деп – ушинтип баяндайт.

    3:103
  4. وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

    Силердин араңардан (адамдарды) жакшылыкка (динге) чакырган жана (акыл, шарият боюнча) жакшы адат саналган нерселерге буюруп, жаман адаттардан кайтарган бир жамаат болсун. Ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр.

    3:104
  5. وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ ۚ وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    Өздөрүнө анык баяндар келгенден кийин өз ара каршылашып, бөлүнүп кеткен адамдар (яхудийлер) сыяктуу болбогула. Мына ошол адамдар үчүн чоң азаптар бар.

    3:105
  6. يَوْمَ تَبْيَضُّ وُجُوهٌ وَتَسْوَدُّ وُجُوهٌ ۚ فَأَمَّا الَّذِينَ اسْوَدَّتْ وُجُوهُهُمْ أَكَفَرْتُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ

    Ал (Кыямат) Күндө (кээ бир) жүздөр агарып, (кээ бир) жүздөр карарат. Ошондо, жүзү карарган адамдарга “ыйманга келгенден кийин каапыр болдуңар беле? Эми, каапыр болгонуңардын эсебине азап чеге бергиле!” (деп айтылат).

    3:106
  7. وَأَمَّا الَّذِينَ ابْيَضَّتْ وُجُوهُهُمْ فَفِي رَحْمَةِ اللَّهِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

    Ал эми, жүздөрү агарган адамдар болсо, түбөлүккө Аллахтын ырайымында (бейиште) болушат. Алар анда түбөлүккө калышат.

    3:107
  8. تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۗ وَمَا اللَّهُ يُرِيدُ ظُلْمًا لِلْعَالَمِينَ

    (О, Мухаммад!) Булар - Аллахтын аяттары. Биз аларды сага акыйкат менен окуп беребиз. Аллах ааламдарга зулумду каалабайт.

    3:108

Котормо: Шамсуддин Хакимов