Катталуу, бет 562
-
تَبَارَكَ الَّذِي بِيَدِهِ الْمُلْكُ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
(Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллах Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
67:1 -
الَّذِي خَلَقَ الْمَوْتَ وَالْحَيَاةَ لِيَبْلُوَكُمْ أَيُّكُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْغَفُورُ
Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү!
67:2 -
الَّذِي خَلَقَ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ طِبَاقًا ۖ مَا تَرَىٰ فِي خَلْقِ الرَّحْمَٰنِ مِنْ تَفَاوُتٍ ۖ فَارْجِعِ الْبَصَرَ هَلْ تَرَىٰ مِنْ فُطُورٍ
Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?!
67:3 -
ثُمَّ ارْجِعِ الْبَصَرَ كَرَّتَيْنِ يَنْقَلِبْ إِلَيْكَ الْبَصَرُ خَاسِئًا وَهُوَ حَسِيرٌ
Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет!
67:4 -
وَلَقَدْ زَيَّنَّا السَّمَاءَ الدُّنْيَا بِمَصَابِيحَ وَجَعَلْنَاهَا رُجُومًا لِلشَّيَاطِينِ ۖ وَأَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابَ السَّعِيرِ
Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.
67:5 -
وَلِلَّذِينَ كَفَرُوا بِرَبِّهِمْ عَذَابُ جَهَنَّمَ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу!
67:6 -
إِذَا أُلْقُوا فِيهَا سَمِعُوا لَهَا شَهِيقًا وَهِيَ تَفُورُ
Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган!
67:7 -
تَكَادُ تَمَيَّزُ مِنَ الْغَيْظِ ۖ كُلَّمَا أُلْقِيَ فِيهَا فَوْجٌ سَأَلَهُمْ خَزَنَتُهَا أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَذِيرٌ
(Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?» – деп сурайт.
67:8 -
قَالُوا بَلَىٰ قَدْ جَاءَنَا نَذِيرٌ فَكَذَّبْنَا وَقُلْنَا مَا نَزَّلَ اللَّهُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا فِي ضَلَالٍ كَبِيرٍ
Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”.
67:9 -
وَقَالُوا لَوْ كُنَّا نَسْمَعُ أَوْ نَعْقِلُ مَا كُنَّا فِي أَصْحَابِ السَّعِيرِ
Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!».
67:10 -
فَاعْتَرَفُوا بِذَنْبِهِمْ فَسُحْقًا لِأَصْحَابِ السَّعِيرِ
Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллахтын ырайымынан) алыс!
67:11 -
إِنَّ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ بِالْغَيْبِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ
Кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллах таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (бейиш) бар.
67:12
Котормо: Шамсуддин Хакимов