Катталуу, бет 560
-
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكَ ۖ تَبْتَغِي مَرْضَاتَ أَزْوَاجِكَ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Оо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллах сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасың?! Аллах Кечиримдүү, Боорукер!
66:1 -
قَدْ فَرَضَ اللَّهُ لَكُمْ تَحِلَّةَ أَيْمَانِكُمْ ۚ وَاللَّهُ مَوْلَاكُمْ ۖ وَهُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ
Аллах силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн. Силердин кожоюнуңар – Аллах. Ал – Билүүчү, Даанышман.
66:2 -
وَإِذْ أَسَرَّ النَّبِيُّ إِلَىٰ بَعْضِ أَزْوَاجِهِ حَدِيثًا فَلَمَّا نَبَّأَتْ بِهِ وَأَظْهَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ عَرَّفَ بَعْضَهُ وَأَعْرَضَ عَنْ بَعْضٍ ۖ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِ قَالَتْ مَنْ أَنْبَأَكَ هَٰذَا ۖ قَالَ نَبَّأَنِيَ الْعَلِيمُ الْخَبِيرُ
Бир кезде пайгамбар аялдарынын кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди). Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллах (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллах билдирген нерселердин) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллах) билдирди!».
66:3 -
إِنْ تَتُوبَا إِلَى اللَّهِ فَقَدْ صَغَتْ قُلُوبُكُمَا ۖ وَإِنْ تَظَاهَرَا عَلَيْهِ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ مَوْلَاهُ وَجِبْرِيلُ وَصَالِحُ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ بَعْدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ
(Оо, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллахка тообо кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Эгеси – Аллах! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер!
66:4 -
عَسَىٰ رَبُّهُ إِنْ طَلَّقَكُنَّ أَنْ يُبْدِلَهُ أَزْوَاجًا خَيْرًا مِنْكُنَّ مُسْلِمَاتٍ مُؤْمِنَاتٍ قَانِتَاتٍ تَائِبَاتٍ عَابِدَاتٍ سَائِحَاتٍ ثَيِّبَاتٍ وَأَبْكَارًا
Эгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллах ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тообо кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн.
66:5 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ
«Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!»
66:6 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَعْتَذِرُوا الْيَوْمَ ۖ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Эй, каапырлар! Бул (Кыямат) күнү кечирим сурабай эле койгула, өзүңөр жасаган кылмышка жараша жазаңарды аласыңар!
66:7
Котормо: Шамсуддин Хакимов